Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленди


Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чара. 26-декабрь, 2022-жыл.
Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чара. 26-декабрь, 2022-жыл.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган иш-чара 26-декабрда аяктады.

Анда жазуучунун баскан жолу, чыгармачылыгы эскерилип, анын кыргыз маданиятына, адабиятына, тилине кошкон салымы белгиленди.

Түгөлбай Сыдыкбеков – ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.

Жазуучу 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

Кыргыз тарыхын калыс иликтеп чыгууга, кыргыз тилин байытууга замандаштарын үндөгөн. Бийликти ачык сындап чыкканы үчүн аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышкан.

Ал "Манас" эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга салым кошкон. "Манас", "Сейтек" эпосунун акыркы вариантынын үч томдугунун үчүнчү бөлүгүн редакциялап, басмага даярдаган.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 85 жашында Бишкекте дүйнөдөн кайткан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG