Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

УКМК депутат Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткен деген маалымат таратты


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 26-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат таратты.

Анда парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында "Альянс" фракциясынын лидери Жанарбек Акаев Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан тыңшоо жабдыктары табылганын айткандан кийин текшерүү иштери жүргөнү жазылган. Жанарбек Акаев, Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул иш боюнча маалыматы бар деген кишилер суракка чакырылганы белгиленген.

"Депутат Жамгырчиевдин өзү да текшерүүнүн жүрүшү тууралуу түшүндүрмө берүү үчүн бир нече жолу УКМКга чакырылды, бирок анын кай жерде экенин билүүгө жана атайын техниканын табылышы тууралуу фактыны ырастоого мүмкүн болгон жок. УКМКга түшкөн маалыматтар Жамгырчиев мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, азыр чет мамлекеттин аймагында жүргөн болушу ыктымал деп болжолдоого негиз берет", - деп айтылат маалыматта.

Жамгырчиев 27-ноябрда фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармалып, кайра бошотулган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан, коңшу өлкөгө өткөрүлбөгөнү белгилүү болгон. Айдарбеков Кыргызстандан чыгып кетип, кийинчерээк кайтып келди.

Депутат Жанарбек Акаев 30-ноябрдагы сессияда Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы чыккан депутаттарга куугунтук болуп жатканын айтып, Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан аудио, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген.

Айдарбеков да, Жамгырчиев да бул макулдашууга каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болчу.

УКМК тыңшоо тууралуу маалыматты четке каккан. Көп өтпөй Башкы прокуратура Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

13-декабрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков Эмил Жамгырчиев атасы ооруп жаткандыктан эмгек өргүүсүнө чыкканын жарыялаган.

Жамгырчиев 2020-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин орун басары болуп турганда “Пара алуу” беренеси менен кармалып, кийин үй камагына чыккан жана бардык соттук инстанциялардан акталган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG