Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Киев: Орусияны Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнөн чыгарууга чакырабыз


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 11-август, 2022-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 11-август, 2022-жыл.

Украинанын тышкы иштер министри Киев БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнөн Орусияны чыгарууну сунуш кыларын билдирди.

Дмитрий Кулеба Украина өз позициясын 26-декабрда ортого саларын, БУУдагы дипломатиялык чөйрөдө маселе талкууланып жатканын айтты. Башкы дипломат ошондой эле Москванын согушта утулгандан кийинки глобалдык ролу мурдагыдай болбой калганын кошумчалады.

Орусия АКШ, Британия, Франция жана Кытай менен бирге Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана вето коюу укугуна ээ.

Москва катуу суукта Украинанын энергетика, суу, жылуулук системасын бутага алып келатат. Киев чабуулдарды "энергетикалык террор" деп атайт.

23-ноябрда Кулеба Орусия "террордук мамлекет" деп таанылышы керек деп билдирген. Ошол эле күнү президент Владимир Зеленский Коопсуздук кеңешин Москвага каршы чечкиндүү аракет көрүүгө, өз аракеттерине байланышкан чараларды кабыл алууда вето коюу укугунан ажыратууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG