Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Министрдин орун басарына ичимдик ичип рулга отурган деген негизде айып пул салынды


Руслан Татиков, финансы министринин орун басары.
Руслан Татиков, финансы министринин орун басары.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковго ичимдик ичип алып машине айдаган деген негизде айып пул салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Татиковго 17,5 миң сом айып салынып, автоунаасы атайын жайга токтотулган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары рейд учурунда министрдин орун басары кармалды деген видеону жарыялашкан. Анда Татиков ичимдик ичкенин танып, кийин наркологиялык борбордон сыра ичкенин моюнга алып, мас эмес экенин айтканы маалымдалган.

Татиковдун өзү комментарий бере элек.

Ушул тапта Кыргызстанда мас айдоочулардын жазасын катуулатуу сунушу талкууланууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, мындан ары андай айдоочуларга айып пул салынбайт, жазанын катуураак чаралары колдонулат. Сунушталган мыйзамдын долбооруна ылайык, мас абалында машине айдагандарга айып пул салынат деген жобо жокко чыгарылат. Анын ордуна айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу нормасы киргизилет.

Мисалы, ичип алып биринчи жолу кармалса күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгер кайра кайталанса, үч жылга ажырайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG