Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Ооганстандагы жарылууда аймактык полиция башчысы мерт кетти


"Талибан" полициясынын кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт
"Талибан" полициясынын кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандын Бадахшан провинциясында машинеге коюлган бомба жарылганда талибдердин аймактык полиция башчысы, дагы эки киши набыт кетти. “Азади” радиосу Ички иштер министрлигине таянып маалымдагандай, окуя дүйшөмбү күнү эртең менен Файзабад шаарында болгон. Министрликтин өкүлү шектүү адам кармалганын айтты.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Жергиликтүү медиа дагы төрт киши жаракат алганын жазды.

Аймактык полиция башчысы Абдулхак Абу Омар "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандагы бийликке кайтып келген 2021-жылдын августунан бери киши колдуу болгон жогорку тартип сакчысы.

Талибдер ошондон бери чабуулдарга туш болуп келатат. Айрымдарын “Ислам мамлекети-Хорасан” экстремисттик уюму ишке ашырган.

Түндүктө активдүү болгон Улуттук каршылык көрсөтүү фронту соңку окуяга талибдердин ички кармашы алып келди деп эсептейт.

Бадахшан Тажикстан, Кытай жана Пакистан менен чектешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG