Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Келерки жылы КМШга Кыргызстан төрагалык кылат


КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу. 26-декабрь, 2022-жыл.
КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу. 26-декабрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, узап бара жаткан жылда уюмга төрагалык кылган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шериктештиктин потенциалын чыңдоо аракети көрүлгөнүн айтты. Келерки жылы төрагалык кыла турган Кыргызстанга ийгиликтерди каалаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин салттуу бейформал жолугушууга келгени үчүн баардык жетекчилерге ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага шериктештикке мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Беларус, Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты.

Жыйында кандай маселе көтөрүлгөнү тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлаган жок.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өтөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG