Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

ТИМ депутат Атазовдун сынына жооп берди


ТИМдин имараты.
ТИМдин имараты.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мекеменин кадр саясаты, өзгөчө Орусиядагы элчиликте иштеген кызматкерлер тууралуу айтканына жооп берди. Башкы дипломатиялык мекеме чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкери кызматка дайындалганга чейин соттуулугу жоктугун аныктоо боюнча Кыргызстандын тийиштүү органдарында атайын текшерүүдөн өтөрүн белгилеген. Маалыматта башка өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн бардык кызматкерлери ТИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тиешелүү кесиптик даярдыктан өтөрү айтылган.

26-декабрда Атазов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин миграция маселеси талкууланган жыйынында ТИМдин кадр саясатын сындаган. Ал президент Садыр Жапаровго жана министрге кайрылып, миграция маселеси боюнча кадрларды карап чыгууну сураган.

"Кадрлар баарын чечет дейт. Бир бөлүмдө чет өлкөдө кылмыш кылып жүргөн бала иштейт экен. Аны эмне үчүн кармап отурасыздар? Өзүнүн миграция тууралуу түшүнүгү жок, ошол кесиптин ээси болбогондордун бардыгын толтуруп алгансыздар. Тышкы иштер министрлигинин кадр саясатын тазалаш керек деп ойлом, ошондо иш жылат. Биз комитетте кайра-кайра токтомдорду кабыл алып берип жатабыз, келип тактап берем, анан жооп берем деп кетип жатышат", - деген Атазов.

Аталган комитет бул жыйында "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорду экинчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Мыйзам долбоору миграция тармагындагы мыйзам базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анда "чет өлкөлөрдөгү мекендеш" түшүнүгүн кеңейтүү жана "диаспора" түшүнүгүн киргизүү сунушталып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG