Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

Пакистанда мечиттеги жардырууда 70 киши жараат алды


Пакистандын күч түзүмүндө иштегендер.
Пакистандын күч түзүмүндө иштегендер.

Пакистандын Пешавар шаарында 30-январда көп адам намазга чогулган мечитте жардыруу болду. Полициянын расмий өкүлү Искандар Хан имараттын бир бөлүгү урап, анын астында бир нече адам калганы болжолдонуп жатканын айтты.

Пешавардагы "Леди Рединг" ооруканасынын басма сөз катчысы Мохаммад Асим 70 киши жараат алганын, айрымдарынын абалы оор экенин билдирди.

Жардырууга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Өлкөдө бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, түрдүү чабуулдар болуп жатат. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы туруу, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG