Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Кемпир-Абад иши: абакта ооруп жаткандарды ооруканага которуу талабы коюлду


Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандар. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандар. 13-декабрь, 2022-жыл.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” бул иш боюнча камалып, азыр ооруп жаткан аялдарды, саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду ооруканага чыгарууну талап кылды. Бул тууралуу кат комитеттин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар Жогорку Кеңештин төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожокуловага, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылып, биздин талапка көмөктөшөт жана абактагы абалыбыз менен жакындан таанышып кетет деп ишенебиз”, - деп жазылган анда.

Кайрылууга тиешелүү тараптар жооп бере элек.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып жатат. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетти. Өзбек лидеринин сапарында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө протоколго кол коюлду. (BTo)

XS
SM
MD
LG