Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Эки жашар кызын сабап жатканы видеого тартылган келинге иш козголду


Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт. 30-январь, 2023-жыл.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт. 30-январь, 2023-жыл.

Эки жашар кызын сабап жатканын видеого тартып, күйөөсүнө жөнөткөн деген келинге кылмыш иши козголгонун 30-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 27-январда аларга арыз менен келиндин күйөөсү - Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну кайрылып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген жана мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Анын айтымында, ошол эле райондун Марказ айылынын 38 жаштагы тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан жана жакындан бери пикир келишпестиктин айынан чогуу жашабай калышкан.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин баланы уруп-сабоого байланыштуу 138-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу ушу тапта интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеп, ыркы кеткен үй-бүлө көйгөйүн жана анын балдарга таасири боюнча маселени көтөрүп жатышат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG