Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын кабарлады.

Декларация тапшыруу эки этап менен өтөт. 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана ишкерлер өткөн жылдагы кирешеси, мүлкү тууралуу отчет бериши керек.

Кыргызстандын мыйзамдарында мамлекеттик, саясий кызматтарды ээлегендер жыл сайын киреше-чыгашасы, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат.

Буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлкүн жашырып, кагаз жүзүндө эч нерсеси жок болуп чыкканы коомчулукта сын-пикир жараткан.

2021-жылдагы декларациясы боюнча президент Садыр Жапаров 997 миң сом киреше тапкан жана айыл чарба багытындагы 0,6 гектар жер тилкеси көрсөтүлгөн. Жакындарынын аянты 17 чарчы метр гаражы бар. Мамлекет башчынын чыгашасы, турак жайы боюнча маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылы туура 1 млн. сом киреше көргөн. Декларацияда 77,5 чарчы метр үйү жазылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG