Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Майлуу-Суу: 15 социалдык объект жылуулук менен камсыз боло элек


Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.
Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында беш мектеп, үч бала бакча, үч орто окуу жайы, төрт социалдык объект таза суу жана жылуулук менен камсыз боло элек, шаарда өзгөчө кырдаал режими уланууда. Бул тууралуу 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шаар калкынын 91% жылуулук менен камсыз болду, таза суу системасында авариялар уланып жатканына байланыштуу ичүүчү суу менен камсыз болгондор 51% түзүүдө.

"29-январда саат 17:00гө карата эритилген 12-чакырым аралыгында 13 авария катталган" деп билдирди ӨКМ.

Чыгымдын баштапкы жалпы суммасы дээрлик 44 миллион сом деп эсептелди.

№1 откана 99%, №4 откана 100% иштеп жатат, ал эми №3 откана тейлеген 375 абоненттин 223үнө (59%) жылуулук берилген.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 20 миң кг ун, 4 миң литр өсүмдүк майы, 8 миң кг кумшекер 810 үй-бүлөгө таратылып бүттү.

26 миң калкы бар Майлуу-Суу шаарында 6,5 миңдей кожолук жашайт.

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын ӨКМ 13-январда билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отканалардын иши токтогон.

Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин сууктап, быйылкы кыш башталгандан берки эң суук күндөр болгон. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болуп жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG