Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

"Тарифтен мурда тартип керек". Энергохолдинг жоюлат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Министрлер кабинети жакын арада "Улуттук энергохолдинг" жоюларын жана энергетикадагы ортомчу компаниялардын санын дээрлик 2,5 эсеге азайтканын билдирүүдө. Энергетиктер тармакты реформалоо жана бири-бирин кайталоочу ишканаларды жоюу жыйынтык бере баштаганын айтууда. Энергетикадагы каатчылыктын, эски көйгөйлөрдүн дале уланып жатышына эмне себеп?

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, "Улуттук энергохолдинг" күз-кыш мезгили аяктагандан кийин, жаз айларында жоюлат. Министр Таалайбек Ибраев парламенттик комитеттин жыйынындагы билдирүүсүндө, мындай чечимди Коопсуздук кеңешинин сунушуна байланыштырды.

2021-жылдын ноябрында Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүү чечимин кабыл алган. Анда бири-биринин функцияларын кайталаган энергокомпанияларды бириктирип, ирилештирүү тапшырмасы коюлган. 2022-жылы Энергетика министрлиги өндүрүүчү жана жеткирүүчү компаниялар ирилешип, бөлүштүрүүчү фирмалардын саны олуттуу кыскарууга баратканын айтып келген.

Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын өндүрүүчү компаниядан сатып алып, андан ары жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы тармактар аркылуу акыркы керектөөчүгө жеткирип берет. 2022-жылга чейин алардын саны өлкө боюнча 28 болчу, азыркы учурга карай 16сы рыноктон кеткени маалым болду.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-январында өндүрүштүк керектөөчүлөр менен иштеген 5 ишкана ("Автомаш-Энерго", "Корунд гидроток", МПФ "Максат", "Антен" жана "ТриЭл" ЖЧКлары), андан көп өтпөй 1-апрелинде дагы 11 бөлүштүрүүчү фирма ("Трансэлектро" ЖАКы, "Алэлектро", "Сокулукэнергосервис", "Восток Энерго", "Бек-Строй-Плюс", "Запуск", "Бек Электро", "Сибэлектрощит Азия", "Аскарэнерго", "Энерго Про сервис" жана "Энерготеплореализация" ЖЧКлары) кыскартылган. Алардын бир бөлүгүнүн лицензиялары артка кайтарылса, дагы бир бөлүгү өздөрүнө караштуу электр тармактарын саткан же башка компаниялар менен бириккен.

Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев бөлүштүрүүчү компаниялардын ишмердигиндеги өзгөрүүлөрдү айтып берди.

"Алар 2001-жылдан бери иштеп башташкан. Бул Советтер Союзунан кийин менчиктештирилгенде көмөк чордондор, жабдыктар кээ бир баланстарда калып калган. Ошолордун арасында жабдыктарды ижарага алгандар болгон. Оптимизация кылганда ушул 12 компаниядан арыз түштү. Оптимизациялоо боюнча иштерди мындан ары дагы улантабыз. Өздөрүнөн чоңураак компаниялар менен кошулгандары, жабылгандары болду. Алар өздөрүнүң жабдыктарын бириктирилген чоңураак компанияларга өткөрүп беришти. Жаңы ыкмага ылайык, 2022-жылдын 1-декабрынан баштап калган 12 бөлүштүрүүчү ишканага белгиленген тарифтерди баланста жана менчикте турган гана электр жабдыктарын тейлөөгө кеткен чыгымдарын эске алдык. Ушул 12 компания боюнча электр энергиясынын орточо тарифи 1 сом 50 тыйынды түздү. Анын ичинен "Электр станциялары" ишканасынан сатып алуусу 1 сом 27 тыйын, а жеткирүүсү 23 тыйын".

Энерготармакты бутка тургузуу аргасы

Энергетика министрлиги Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир катар өзгөрүүлөрдү, айрым учурларда жоюлуу тагдырын да башынан өткөрүп келди.

1998-жылы "Кыргызэнергохолдингди" мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасы" кабыл алынган. Ага чейин өлкөнүн энергетика тармагын "Кыргызэнерго" акционердик коому башкарып келген. Программанын алкагында 2001-жылы мекеме кайра уюштурууга туш болуп, андан "Электр станциялары", "Чакан ГЭС" өндүрүүчү компаниялары, "Улуттук электр тармагы" жеткирүүчү ишканасы, "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабадэлектр", "Бишкек жылуулук тармагы" өңдүү бөлүштүрүүчү компаниялар бөлүнүп чыккан. Алардын баары тең мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башкаруусунда болгон.

2005-жылга чейин өлкөнүн энергетика тармагын өкмөттүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик жөнгө салып келди. Андан кийин 2007-жылга чейин бул функция Монополияга каршы саясат агенттигине өткөн.

Энергетика тармагын башкарган министрлик макамындагы мекеме 2007-жылы түзүлгөн. Ошондон бери мекеменин макамы бир канча жолу өзгөрүп келди. Бирде бир канча тармактын башын бириктирген министрлик болсо, бирде мамлекеттик комитет, кээде ал тургай башка мекемеге бириктирилип да калып жатты.

2016-жылы Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, анын базасында "Улуттук энергохолдинг" компаниясы түзүлгөн жана ага бардык ишканалар баш ийдирилген. Холдинг "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр" жана "Жалалабадэлектр" бөлүштүрүүчү компанияларынын 81% акциясына ээлик кылат. Калган 13% Соцфондго караса, 6% жеке акционерлердин колунда. Өкмөт бул жаңы түзүм энерготармакты башкарууну натыйжалуу жана ыкчам кылат, каржылык чыгымдарды кыскартып, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтат деп ишендирген.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик Энергетика министрлигин кайра түзгөн. Улуттук энергохолдингдин ишмердиги дагы мурункудай эле сакталып калган.

2021-жылдын соңунда өкмөт энерготармакты реформалоо иштери башталганын жарыялаган жана кийинки жылдын март-апрель айларында "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр" жана "Жалалабадэлектр" ишканаларын "Кыргызстан улуттук электр тармактары" акционердик коомуна, ал эми "Бишкекжылуулуктармагы" "Электр станциялары" акционердик коомуна бириктирилген.

Энергетика жаатындагы эксперт Мырзатай Султаналиев "Кыргызэнерго" жоюлганда андагы функциялар бөлүнүп чыккан компаниялардын баарында бири-бирин кайталап, жумушчулардын саны кескин өсүп кеткенин жана башкаруунун сапаты начарлаганын айтат. Ал учурдагы өкмөттүн энергетика тутумун реформалоо иштери техникалык жактан натыйжалуу болуп жатат деп эсептейт.

"Энергохолдинг, мындайча айтканда, мурдагы акционердик коомдордун үстүнө курулган нерседей эле болуп калды. Мунун өзгөчө аткара турган деле кызматы жок. Акционердик коом түздөн-түз кандай кызматты аткарса, бул ошолордун үстүнөн көзөмөл эле болуп калган. Ошондуктан, холдингди жоюп койгону туура эле болот. Экинчи маселе, азыркы убакта бөлүштүрүүчү компанияларды "Улуттук электр тармактарына" кошкону бир жагынан туура эле болду. Албетте, жумушу көбөйдү, бирок жумушу көбөйгөнү менен электр энергияны түздөн-түз керектөөчүгө жеткирип берет. Ошондо башынан аягына чейин жооп берет. Өндүрүүчү компания электр энергиясын чыгарат, сапатын, санын чыгарган жеринде көмөк чордондо бөлүп берет. Улуттук электр тармактары ошол жерден алып туруп, керектөөчүгө алып келип берет. Техникалык жагынан караганда жакшы болду".

Султаналиев өлкөнүн энергетика тармагын башкарган министрлик макамындагы мекеме сөзсүз болушу кажет деген пикирде. Ал чарбалык субъекттердин ишине кийлигишпей, мамлекеттин мыйзамдык жана стратегиялык саясатын жүргүзүшү керек.

"Тарифти көтөрүүдөн мурда системага тартип керек"

Кыргызстандын энергетика тармагынын карызы учурда 137 млрд. сом деп эсептелет. Ага карабай, олуттуу техникалык жана технологиялык жаңыланууга муктаж болуп, жыл сайын мамлекеттик бюджеттен жана эл аралык уюмдардан миллиарддаган сом каражат берилип турат.

Президент Садыр Жапаров 21-январда социалдык тармак аркылуу билдирүү жарыялап, соңку 15 жылдан бери Кыргызстан жыл сайын коңшу мамлекеттерден 3 млрд. кВт электр энергиясын 3 сомдон сатып алып, элге арзан тариф менен берип жатканын айткан. "Мындан улам энергетика тармагынын 137 млрд. сом карызы улам барган сайын көбөйүп келет",- дейт ал.

Кыргыз өкмөтү соңку жылдары тармакты алдыга сүрөө демилгесин көтөрүп, ири жана чакан ГЭСтерди көбөйтүү, кайра жаңылануучу энергия булактарынын кубаттуулугун өстүрүү сыяктуу дымактуу долбоорлорду баштап келет. Финансы министрлиги 2022-жылы энергетика секторуна 15 млрд. сомдон ашуун каражат бөлгөнүн билдирген.

Бирок ага карабай, кыргыз өкмөтү өлкөнүн энерготутумун жаңылоо жана кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн электр жарыгынын баасы 77 тыйындан 1 сомго көтөрүү ниетин жарыялады.

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин маалыматына караганда, 2022-жылы электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйын болду.

Аны керектөөчүлөргө сатууда аз камсыз болгон катмар үчүн 50 тыйын, жалпы калкка 77 тыйын, ал эми мекеме-ишканалар жана компаниялар үчүн 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейинки тариф бекитилген.

Суу-энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков энергетика тармагы барган сайын башчысы көп, жумушчусу аз болуп, элдин эсебинен байыгандарга толуп кеткенин айтат. Ал тарифке отуруп алган башкарма ишканаларды жоюп, ашыкча коромжуларды иретке келтирсе бааны көтөрүү зарылдыгы болбойт деп эсептейт.

" Мурда "Кыргызэнерго" болуп турганда тармакта 6000 эле киши иштечү, башкармалыгы аз болчу. Азыр 17 000 киши, алардын көбү көчөдө биздин энергетиканы камсыздаган, көмөк чордон, линияларды оңдогон карапайым элдин балдары эмес, көпчүлүгү башкармалык. Министрлиги бар, Улуттук энергохолдинги да бар. Андан тышкары 12 ортомчу фирмалар бар. Баарын улутташтырып, бир эле мекеме кылыш керек. Алар элдин жон терисинен байып, сарптаган акчасынын баарын кайтарып алышкан. Арабага бешинчи дөңгөлөктүн кереги эмне? Алар эмне кылып атат? Эмне үчүн биз аларды багышыбыз керек? Тарифти көтөрүүдөн мурда алгач ошол системага тартип киргизүү керек. Эгерде азыркыдай туура эмес иш алып барса, тарифти 10 сом кылса деле ушундай боло берет. Свет өчө берет. Дагы үч-төрт жылдан кийин кайра көтөрүш керек дейт. Көтөргөнгө жараша адилеттүү болуш керек да. Ал жакты дагы бир аз тазалап, ордуна коюп, оптимизация кылып, кирешелүү кылыш керек да".

Кыргызстан 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Түркмөнстан менен Казакстандан 2 млрд. киловаттан ашуун электр энергиясын импорттоп жатат. Ал үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн. доллар карыз алган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Түркмөнстан менен Казакстандан 52 млн. долларга 2 млрд. киловаттан ашуун электр энергиясы импорттолгон. Казак энергиясынын киловатынын жериндеги импорттук баасы 1,72 сом турса, түркмөн жарыгы 2,48 сомго айланган.

Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү 162 млрд. кВт саат, бул Борбор Азиядагы энергокордун 38% түзөт. Бирок эсептөөлөр боюнча, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктүн 10% жетпегенин гана колдонот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG