Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Министр "Улуттук энергохолдинг" жоюларын билдирди


Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Улуттук энергохолдинг" мамлекеттик ишканасы жоюларын билдирди. Министр бул тууралуу 24-январда парламенттин тармактык комитетинде депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Мурда министрлик жоюлуп, холдинг түзүлгөн. Кайра министрлик түзүлгөнү менен энергохолдинг кала берди. Бүгүнкү күндө Коопсуздук кеңешинде каралган. Менчик компаниялар менен кошо энергохолдинг дагы жоюлат”, - деди министр.

“Улуттук энергохолдинг” 2016-жылы түзүлүп, Энергетика министрлиги жоюлган. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик Энергетика министрлигин кайра түзгөн.

Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдады.

Мындан улам 19-январда Энергетика министрлиги электр жарыгын өчүрүүнүн жадыбалын жарыялаган. Ага ылайык, жарык ар кайсы аймактарда эки сааттан өчүрүлүп турат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG