Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:56

“Камбар-Ата-1ди” үч кошуна бирге курат


“Камбар-Ата-1” ГЭСи курула турган жер. 8-июнь, 2022-жыл.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курула турган жер. 8-июнь, 2022-жыл.

Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшту. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошту.

Бул ондогон жылдардан бери айтылып, бирок ишке ашпай келаткан “Камбар-Ата-1” долбоору боюнча коңшулар менен кабыл алынган биринчи документ болуп калды. Энергетика министрлери кол койгон жол картасы жана Борбор Азиядагы эң ири энергетикалык проект тууралуу алдыда сөз кылабыз.

Үлүштөрдүн бөлүнүшү

Үч өлкөнүн энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча жол картанын макулдашуусуна 6-январда Бишкекте кол коюшту.

Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, талкууда министр Таалайбек Ибраев өлкөдө “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык башталганын айтты:

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу коңшу үч өлкө үчүн, өзгөчө Кыргызстан үчүн пайдалуу десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруп алсак, биздин мамлекетте электр энергиясына болгон тартыштык бир топ жоюлат. “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда”, - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Былтыр июль айында Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин чогуу курууну алдын ала макулдашканын билдирген.

Казак президентинин бул сөзү үч өлкөнүн жетекчилери саясий чечимди кабыл алганын каңкуулаганы менен андан бери кандайдыр бир документке кол коюла элек болчу.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов жол картасы жана анын алкагында аткарыла турчу иштер боюнча “Азаттыкка” маалымат берди.

“Жол картада кандай иштей турганыбыз жазылган. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, тендерлер кандай өткөрүлөт, алардын шарттарын, убактысын аныктоо боюнча кол коюлду. Техникалык-экономикалык негиздемеси 2024-жылы бүтсө акырындан сала баштайбыз. Андан тышкары жол картага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ээлик кылган биргелешкен ишкана түзүлөт деп киргиздик. Ал ишкана Кыргызстанда катталат жана баары тең биздин колдо болот”.

Мирлан Жакыповдун сөзү боюнча, биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калат.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 млрд. 916 млн. доллар кетет деп маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 млрд. долларга чейин жетет деп эсептешет. Эгерде “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулса, ал Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткенден бери өлкөнүн тарыхындагы эң кымбат долбоор болот. Азырынча проектке кайсы өлкө канча каражат салары чечиле элек.

Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери – Болат Акчулаков, Таалайбек Ибраев, Журабек Мирзамахмудов. (солдон оңду карай) Бишкек. 6-январь, 2022-жыл.
Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери – Болат Акчулаков, Таалайбек Ибраев, Журабек Мирзамахмудов. (солдон оңду карай) Бишкек. 6-январь, 2022-жыл.

Кооптонууга жол ачкан пайыздар

Энергетика министрлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин коңшу өлкөлөр менен бирге куруунун жол картасы жөнүндө кенен маалымат бере элек. Бирок ГЭС курулса, кайсы өлкөгө канча үлүш тийери белгилүү болду.

Энергетикалык эксперт Расул Умбеталиев үлүш боюнча маселе чыгарын айтып жатат.

“Казакстан менен Өзбекстан 66% ээлик кыла турган болсо, бул эки өлкө биздин суу ресурстарыбызды башкарып калат. Ошондуктан бул улуттук кызыкчылыкка каршы келет. Эки өлкөнүн үлүшү 51% ашык болгондуктан аларда ишкананы башкарганга мүмкүнчүлүк болот. Себеби, Казакстанды да, Өзбекстанды электр энергиясы кызыктырбайт. Аларга суу керек. Демек экөөнүн кызыкчылыктары окшош. Ошондуктан бул өлкөлөр кийин акцияларын кошуп алса эмне кылабыз? Андыктан маселенин баарын чече турган 51% үлүш Кыргызстандыкы болуш керек. Контролдук пакетке ээ болгон тарап ГЭСке канча суу топтош керек, канчасын агызуу зарыл жана канча электр жарыгын өндүрүш керек деген маселенин баарын чечет”.

Расул Умбеталиев ар кандай тобокелдиктердин алдын алуу үчүн Кыргызстан ГЭСти өзү куруп, ага эл аралык финансы уюмдардан насыя алышы керек болчу деп эсептейт.

Борбор Азиядагы дарыянын жогору жагында орун алган Кыргызстан менен Тажикстан жана дарыянын төмөн жагында жайгашкан Казакстан менен Өзбекстандын суу ресурстарын колдонуу боюнча позицияларында айырмачылыктар бар.

Тоолуу эки өлкө сууну товар катары кароо зарылдыгын айтып келсе, Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын жалпы байлык катары сыпаттап келет.

2019-жылы казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө ортосундагы маанилүү суу ирригациялык жааттагы абалга токтолуп, "Борбор Азияда суу ресурстары - жалпы байлык" деп атаган. Ал бул жаатта суу ресурстарын биргеликте колдонууну улантуу зарыл экенин белгилеген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Нарын дарыясынын болгону 10% сугат суу үчүн колдонот. Калганын кошуна өлкөлөргө берет.

2021-жылы жай айларында кургакчылык маалында чөлкөмдүн өлкөлөрүндө суу тартыштыгы сезилген. Экологдордун айтымында, соңку жылдары мөңгүлөрдүн тездик менен эриши жана калктын санынын көбөйүп жатышты Борбор Азияда сууга болгон талапты дагы күчөтүшү мүмкүн.

Борбор Азиядагы суу көйгөйлөрүн жана гидроэнергетикалык ресурстарды изилдөө институтунун мурдагы төрагасы, энергетика жаатындагы адис Эрнест Карыбеков бул реалдуу эмес деген пикирде.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин өзүбүз куруп, өзүбүз башкарсак абдан жакшы болмок. Бирок бизде каражат жок. ГЭСти 100% өзүбүз башкаралы десек анда насыя алып курушубуз керек эле. Насыянын шарттары дүйнөдө бирдей эле. 20-25 жылдын ичинде пайызы менен кайтарып бересиң. Алдыңкы 5-7 жылда жеңилдик бар. Насыяны 20-25 жылда кайтырып берүү үчүн ГЭСтен чыккан электр энергияны 10 центтен же башкача айтканда 8 сом 50 тыйындан сатыш керек. Мындай баа Кыргызстанда, Борбор Азия өлкөлөрүндө жок. Керек болсо Кытай да албайт”.

Эрнест Карыбеков да биргелешкен ишкана түзүп, андагы үлүштүн коңшу өлкөлөргө бөлүнүшү ар кандай тобокелдиктерге алып келерин четке каккан жок.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи курула турган жер. 8-июнь, 2022-жыл.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курула турган жер. 8-июнь, 2022-жыл.

Долбоордун тарыхы

Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна 2022-жылдын июнь айында старт берген.

Президент Садыр Жапаров долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин айткан.

Бул каражат ГЭС курула турган жерге баруу үчүн транспорттук тоннел, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

Садыр Жапаров былтыр 8-июнда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоо боюнча иш-чарада буларга токтолгон.

“Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот. Ошондой эле, дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт. Тактап айтканда, “Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз”.

Кыргыз бийлигинин планы боюнча, 2024-жылга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метр болуп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Бул долбоордун айтылып бирок ишке ашпай келатканына 40 жылдай убакыт өттү. Ал курулуп иштеп кетсе, Кыргызстанда Токтогул ГЭСинен да көп кубаттуулук бергидей эң ири станция болот.

Жалал-Абад облусундагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жөнүндө алгач өткөн кылымдын 80-жылдары сөз болгон. Техникалык экономикалык негиздемесин “Гидропроект” илимий изилдөө институтунун Ташкенттеги бөлүмү иштеп чыккан.

Бирок Советтер Союзу урап, долбоор каралбай калган. “Камбар-Ата-1” ГЭСи Нарын дарыясынын Токтогул ГЭСи турган жеринен жогору – Жалал-Абад облусунун чегинде курулмак.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG