Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Карыбеков: Кризис маалында ири ГЭС куруу күмөндүү


Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык башталып, ага байланышкан алгачкы иш-чара 8-июнда Жалал-Абад облусунун аймагында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.

Бул абдан дымактуу аракет, бирок, аны толук ишке ашыруу үчүн негиздүү долбоор, техника-экономикалык олуттуу негиздеме жана ири көлөмдөгү каражат керек.

Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Эрнест мырза, “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу үчүн жасалып жаткан кыргыз бийлигинин алгачкы кадамын кандай баалайсыз?

- “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруш керек, бирок курулуштун өз ирээти бар. Сметалык долбоорлоо документтери бар экени, болсо ким жасаганы билинбейт. Ал документте ишти эмнеден баштоо керектиги, канча каражат кетери белгилениши абзел.

Бул курулуштун техникалык-экономикалык негиздемесин баягы "РусГидро" менен курабыз дегенде Ленинграддагы институт жасаган, кийин кымбатка түшөт экен, кийин кайда сатабыз деп ишкана баш тартпады беле.

Эми кайра Өзбекстан, Казакстан менен курабыз деген сөз болууда. Казакстан 2000-жылдардын башында курабыз деп, кийин келишимден чыгып кеткен. Каражат жок да. Эң эле төмөнкү баасы 4 млрд. доллар турат. Дүйнөлүк структуралык кризисте жабдыктарга, курулуш материалдарына баа кымбаттап жатат. Жалпы нарк 5 млрд. доллардан ашып кетиши мүмкүн.

Албетте, ушундай кризис өкүм сүрүп жатканда өлкөдө кандайдыр бир курулуштарды жүргүзүү бир чети туура. Жумуш орундарын түзүп, өзүбүздү бакканга аракет жасашыбыз керек. Бирок узак убакытты талап кылган курулушту баштоо өзүн актайбы деген суроо туулат. Мисалы бул он жылдап курулат, сууну дагы беш жыл топтош керек.

- Президент баштап жаңы ГЭСтин биринчи агрегаты 2028-жылга чейин бүтөрүн айтышты. Техникалык-экономикалык негиздемеге 417 миллион сом бөлүнгөнү да айтылды. Бийлик мындай билдирүүнү эмнеге таянып жасап жатат дейсиз?

- Президентти менимче, ишендирип коюп атышат. Президенттердин бардыгы эле кырдаалды толук түшүнбөйт. Ошон үчүн кеңешчилери болот. Жылдан жылга мамлекеттик кызматкерлер эсеп-кысапка жок болуп баратат. Үйдү салганда деле долбоорун түзөт да. Мына “Бала-Саруу”, болгону 25 мегаватт турган “Орто-Токой”, Жогорку Нарын каскады калды. Курулуп бүтүп, болгону 200 мегаваттык трубина кое турган жери калган “Камбар-Ата-2ни” да сөз жүзүндө “бүтүрүп коюшпадыбы”.

- Демек, мындан деле майнап чыкпайт деген ойдосуз. Ошол эле мезгилде башка адистер, эксперттер “Камбар-Ата-1” ГЭСин кредит алып, өкмөт өзү курса болот деп жатышат. Буга кандай карайсыз?

- Кредит алсак, кредиттик портфелдин үстөк пайыздары дүйнө жүзүндөгү бардык каржы институттарында, эл аралык банктарда бирдей эле. 20-22 жылга берет, анын 5-7 жылын жеңилдетет. Инфляцияны токтотуу аракеттери жасалууда. Үстөктү банктар көтөрүшү да мүмкүн. Бир же эки пайыз үстөгү менен алсак деле 22 жылда кайтарып бериш үчүн биз энергияны 10 сомдон сатышыбыз керек болот. 10 сом деген баа биздин өлкөдө эмес, чөлкөмдө да жок. Бул жөнөкөй эле арифметика.

- Ошондой болсо да былтыр президент Жапаров барганда Өзбекстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга кызыкдар экени, меморандум кабыл алынганы айтылган. Быйыл Казакстандын президенти Токаев Бишкекке келгенде да ГЭС курууга инвестиция салуу маселеси көтөрүлгөнү айтылды эле. Мындай ниеттер ишке ашып, үчөө биригип салышы мүмкүнбү?

- Теория жүзүндө мүмкүн. Төрт өлкө биригип салса жакшы болмок. Нарын дарыясы Өзбекстанга, андан ары Сыр-Дарыяга кетет. Тажикстанга да Кайраккум суу сактагычына кирип, кайра Өзбекстанга кетет. Орто Азия мамлекеттери чогуу курса жакындашып, интеграцияга да жакшы болмок. Бирок дүйнө жүзүндө структуралык кризис болуп жатат. Кошуна мамлекеттер, алардын өкмөттөрү өздөрүнүн “экономикалык, мамлекеттик коопсуздугубузду кантип сактап калабыз, кантип элибизди багабыз?” деп баштары ооруп жатат. Саясатта, өзгөчө чоң саясатта ушундай, биз барбыз деп, желекти сайып коюшат.

Бизде экономика деген бар да. Эсеп туура келбей жатпайбы. Туура келсе мен кош колдоп эле колдоп жатам, жакшы болмок. Башка долбоорлорду куруш керек. Курабыз деп, ар жерге барып капсула коюп эле баш-аягы жок болуп атпайбызбы.

Мына жашыл энергетика деп атышат. Күн батарейкаларын, тегирменди иштетүүчү тетиктердин калдыктарын жок кыла албайбыз. Химиялык зат, жер сиңире албайт. Бул сетевой маркетинг. Элге кымбат түшөт, жалпы экономикага, элге жүк болот.

- Бүгүнкү кырдаалда энергетика саясаты кандай жүрүш керек анда?

- Кара-Кечеге жылуулук электр станциясын орнотуу - келечектүү. Инженер катары айтып атам. Анткени, бул базалык электр станция. Суунун кереги жок. Жанынан Көкөмерен суусу өтөт. Электр системабыздын 90 пайызы - кайра иштетилген булактар. Суу сактагычтар, ГЭСтер жетиштүү.

Өз мамлекетибиздин экономикалык, энергетикалык коопсуздугун сакташ үчүн башка альтернативдүү, базалык же атомдук электр станциясын курушубуз керек. Атомдук электр станция кооптуу, анткени, жерибиз сейсмикалык алкакта. Ошондуктан, жылуулук электр станциясын курсак, Бишкек ЖЭБдин наркынан төрт эсе арзан түшөт.

Бишкек, Ош ЖЭБдерин консервацияга коюп кереги жок. Алардын бардыгы чет өлкөдөн келген мазут, көмүр, газ сыяктуу энергоресурстарга иштейт. Биздин көмүрдү алыстан кымбат келген күйүүчү, майлоочу май менен ташып отургандан көрө жанына электр станция коюп, Кыргызстанды бүт арзан электр энергияга өткөрсө болот. Башка мамлекеттерден жылдан жылга кымбаттап жаткан жаратылыш газын ташуунун кажети жок болот. Электромобилдерге массалык түрдө өткөнгө шарт түзүлөт.

Нарын дарыясын Токтогул суу сактагычы менен регулировка жасап турабыз. Суу толтура болот. Сууну агызып ийүүгө аргасыз болбойбуз. Нарын - Сырдарыяны үч мамлекет тең бөлүп алышыбыз керек. Биз Нарындын 2 пайызга жетпеген көлөмүн пайдаланабыз. Бул - нонсенс. Сууну баалашыбыз керек. Бул - биздин байлык. Өзүбүздүн экономикабызды казактарга, өзбектерге, орустарга жибербей, өзүбүздө калтырышыбыз керек. Ошон үчүн Кара-Кече жөн эле энергетикалык обьект эмес, өлкөнүн экономикасын башка жолго сала турган өтө маанилүү объект.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG