Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

"Экинчи агрегат оңдолду". Токтогул ГЭСине байланыштуу өчүрүүлөр


Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку күндөрү Кыргызстанда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Энергетиктер мындай өчүрүүлөр ушул күндөрү жана ноябрь айынын аягында да бир жолу болорун билдирип, аны Токтогул ГЭСинин эки агрегаты ишке киргизилип жатканы менен байланыштырды. Суук түшкөндө айрым жерлерде электр жарыгынын өчүшү өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча маселени козгоду.

Электр жарыгын өчүрүүлөргө түшүндүрмө

Акыркы күндөрү Кыргызстандын бир катар аймактарынын, анын ичинде Бишкектин тургундары электр энергиясы утур-утур өчүрүлүп жатканын билдиришүүдө. 10-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Айбек Айдаралиев ушул күндөрү электр жарыгы менен камсыздоодо убактылуу чектөөлөр болуп жатканын ырастады. Ал Токтогул ГЭСинде авария болду деген сөздөрдү четке кагып, Кыргызстандын энергосистемасы кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди. Ал эми жарыкка болгон акыркы чектөөлөрдү өлкөнүн негизги ГЭСин оңдоо иштери менен түшүндүрдү.

“Токтогул ГЭСин реконструкциялоо долбоорунун алкагында экинчи агрегат оңдолду. Төртүнчү агрегат толук алмашылып жатат. Эки агрегат жаздан бери оңдоодо турду жана ушул күнгө чейин эки агрегат менен иштеп келатканбыз. Эми экинчи генераторду ишке киргизиш үчүн биринчи генераторду убактылуу өчүрүш керек. Төртүнчү жаңы агрегат болсо ушул айдын аягында иштей баштайт. Ал иштесе дагы 60 МВт кубаттуулук кошулат. Буга чейин 300 МВт гана электр энергиясын иштеп чыгарчу. Эгерде төрт агрегат тең иштей баштаса энергосистемабызга 240 МВт кошумча кубаттуулук кошулат”.

“Электр станциялары” ишканасы экинчи агрегатты ишке киргизүү үчүн убактылуу өчүрүүлөр 11-ноябрда бүтө турганын кабарлаган. Жарыкты берүүдө чектөөлөр 9-ноябрдан тарта башталган. Маалымат боюнча, ушул айдын аягында төртүнчү агрегатты ишке берүү урунда да ушундай эле өчүрүүлөр болот.

Кыргызстанда электр жарыгынын 33% көбүн өндүргөн Токтогул ГЭСинде жалпы 1200 МВт кубаттуулукка ээ төрт агрегат бар. Алардын ар бири 300 МВт электр жарыгын иштеп чыгарат. Кыргыз бийлиги алардын баары оңдоп-түздөөдөн өтсө ар бир агрегаттын кубаттуулугу 360 МВт жетип, Кыргызстандын энергетикасынын күчү дагы 240 МВтга көбөйөт деп пландап жатат.

Токтогул ГЭСинин жабдууларынын эскилигинен улам 2016-жылы эки жолу авария болуп, аны жаңылоо долбоору 2017-жылдан бери эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылууда. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Шакиржан Саидов ГЭСтин агрегаттарын оңдоо иштери тууралуу мындай деди:

“Токтогул ГЭСинин агрегаттары 1960-1970-жылдары эле ишке берилген. ГЭСтин төртүнчү агрегаты биринчи жолу толук алмашылып, кубаттуулугу көбөйтүлгөнү турат. Биз негизи төрт агрегатты тең алмаштырууну пландап жатабыз. Анткени бир агрегаттын иштөө мөөнөтү ашып кетсе 25 жыл. Ошондуктан электр жарыгын убактылуу өчүрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз. Кышында болсо төрт агрегат тең иштеп калат. Былтыр үчөө эле иштеген. Анын үстүнө күн да жылуу болгон”.

Кыргыз энергетикасын күткөн сыноо

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар Токтогул ГЭСи (1200 мегаватт), “Күрп-Сай” (800 мегаватт), “Таш-Көмүр” (450 мегаватт), “Шамалды-Сай” (240 мегаватт), “Үч-Коргон” (180 мегаватт), “Камбар-Ата-2” (120 мегаватт) жана “Ат-Башы” (40 мегаватт) ГЭСтери. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 84% бир аз көбүн өндүрөт. Бирок дээрлик бардыгынын тетиктери эскирген. Бишкек менен Ош жылуулук электр борборлору 15,7% кубаттуулуктагы электр жарыгы менен камсыздайт.

Энергетикалык эксперт Расул Умбеталиевдин сөзүнө ылайык, Токтогул ГЭСинин төртүнчү агрегаты үчүн 2020-жылы каражат бөлүнгөн. Ал бир жылдын ичинде бүтөт деп пландалган иштин создугуп кетишине энергетиктерди күнөөлөп жатат.

“Төртүнчү агрегат былтыр 1-декабрда ишке берилиши керек болчу. Бирок анда жетишпей калып быйыл июнь айына калган. Анда да жетишпей ноябрга жылдырылган. Токтогул ГЭСинде агрегаттар толук иштебесе, суунун агымы эки эсе көбөйүп кетет. ГЭСтин экинчи агрегатын оңдоо үчүн май айында ишин убактылуу токтоткон. Бирок аны да убагында ишке беришкен жок. Өлкөдө болсо күз-кыш мезгили келди. Ага булар даярданган эмес. Энергетика министрлиги экинчи жана төртүнчү агрегатты 1-октябрга чейин эле ишке бериш керек эле”.

Токтогул ГЭСи 1975-жылы иштей баштаган. Ал эми андагы суу сактагычка 19 млрд. куб суу батат. 11-ноябрга карата 13 млрд. 374 куб метр суу бар. Токтогул ГЭСинин техникалык абалынан тышкары суу сактагычка топтолгон суунун көлөмү да акыркы жалдары чоң маселеге айланды. Суу аз чогулуп, ГЭС авариялык абалга кептилиши мүмкүн деген кооптонуулар айтылып келатат.

Борбор Азиядагы суу көйгөйлөрүн жана гидроэнергетикалык ресурстарды изилдөө институтунун мурдагы төрагасы Эрнест Карыбеков “Азаттыкка” Токтогул суу сактагынчындагы абал тууралуу пикири менен бөлүштү.

“Суу аз. Суу сактагыч атайын тартип менен иштеши керек. Анын регламентине ылайык, суу сактагыч 1-апрелге 12 млрд. куб метр суу менен кириши керек. Ал эми күз-кыш мезгилине же 1-октябрга кирип баратканда 16 млрд. куб метр суу болушу зарыл. ГЭСти ушундай тартип менен иштетсе, эки-үч жыл кургакчылык болсо да өзүнүн ишин аткарат. Тилекке каршы, бул регламентти окушпайт, аткарышпайт. ГЭСти каалагандай пайдалана берип, азыр бизге электр энергиясы жетишпей жатат. Эгерде быйыл өткөн жылга караганда күн суук болсо өчүрүүлөр болот. Ошого даярданып элге да “абалыбыз ушундай” деп ачык айтыш керек. Президентти да, элди да алдабай ачык айтыш керек. Болгонун-болгондой түшүндүрүп, ошого жараша даярдык көрүү зарыл. Болбосо кышында жарык өчүрүлсө ал саясий маселеге айланып кетет”.

Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Мисалы, быйыл муктаждык 16,2 млрд. кВт/саат электр энергиясына жетет. Өкмөт тартыштыкты толтуруш үчүн Түркмөнстандан 1 млрд. 800 млн. кВт/саат, Казакстандан 241 млн. кВт/саат электр жарыгын сатып алды. Коңшу өлкөдөн 2023-жылдын биринчи кварталында дагы 600 млн. кВт/саат электр энергиясы алынат. Кыргыз бийлиги кышында жарык эч кандай чектөөлөрсүз берилет деп кайталап келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG