Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Орусия Херсонго чабуулун улантты


Херсон. Оорукана.
Херсон. Оорукана.

Дем алыш күндөрү Украинанын Херсон шаары кайрадан орусиялык аскерлердин бир нече жолку аткылоосуна кабылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, жекшемби күнкү Орусиянын С-300 ракетасынын чабуулунан үч адам набыт кетти, бир оорукана жабыркады.

Ал эми Донецк облусундагы абалды өлкө президенти Владимир Зеленский "өтө катуу" деп мүнөздөп, орус армиясы Бахмут жана Угледар тараптагы чабуулдарын улантып жатканын билдирди.

Украин аскерлери Донецк облусунун чыгышындагы Благодатное кыштагында Орусиянын чабуулу токтотулганын айтып жатышат. Буга чейин ал жакты "Вагнер" жалданма аскер уюму ээлеп алганы кабарланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери Луганск облусунун оккупацияланган бөлүгүндөгү Новоайдар айылындагы ооруканага HIMARS системасы менен кол салганын жарыялады. Анда 14 киши каза болгону айтылууда. Украин тарап Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек.

Ал тапта Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага аскер учактарын жөнөтүүгө каршы экенин билдирди, бирок Батыштын башка лидери мындай ыктымалдыкты четке какпай турганын айтууда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Финляндиянын НАТОго кошулуу арызын Швецияныкынан өзүнчө карап, колдошу мүмкүн экенин билдирди. Швеция менен Финляндия Орусия Украинага кол салгандан кийин НАТОго мүчөлүккө арыз беришкен. Аны уюмдун бардык мүчөлөрү колдошу зарыл. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG