Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Жонсон документалдык тасмада Путиндин опузасы тууралуу айтты


Борис Жонсон Украинанын согуштан талкаланган айылдарынын биринде.
Борис Жонсон Украинанын согуштан талкаланган айылдарынын биринде.

Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага кол салар алдындагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө ракеталык чабуул тууралуу эскертип, опуза кылганын BBCнин документалдык тасмасында айтып берди.

Путиндин дүйнө лидерлери менен мамилеси тууралуу тасма 30-январда эфирге чыгат.

"Бир маалда ал мени коркутуп-үркүтүп, “Борис, мен сага залака тийгизгим келбейт, бирок ракета бир мүнөттөй гана убакытты алат" дегендей мааниде айтты", - дейт Жонсон.

Анын айтымында, бул сүйлөшүү 2022-жылдын февраль айында болгон, Путин мындай сөзүн Жонсон Украинада согуш башталса кесепети катастрофалык болору тууралуу эскерткенден кийин айткан.

Жонсон орус президентине Украина НАТОго жакынкы арада кошулбай турганын жеткирүүгө аракет кылганын жана эгер Орусия кол сала турган болсо, анын чегинде “НАТО аз эмес, көбүрөөк” болушуна алып келерин эскерткенин айтты.

Орус тарап азырынча бул билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Орусиялык аскерлер Украинага кол салганына 24-февралда туура бир жыл болот. (RK)

XS
SM
MD
LG