Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Пакистанда кайык оодарылып, кеминде 12 бала каза болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Пакистандын бийлиги Хайбер-Пахтунхва аймагындагы Танда көлүндө кайык оодарылып, кеминде 12 бала көз жумганын билдирди. Окуя 29-январда болду. Бул көл өлкөдөгү белгилүү туристтик жайлардын бири.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү Билал Файзи куткарылган балдардын кеминде бешөөнүн абалы оор экенин айтты.

Полициянын маалыматына караганда, чөгүп кеткен кайыкта Мирбаз Хел диний мектебинде окуган 25 бала болгон. Алар эс алууга барган учурда кырсыкка кабылышкан.

XS
SM
MD
LG