Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

"Блогерлер ар бир сөз үчүн уруксат сурап калышы мүмкүн". Талаштуу ЖМК мыйзамы


Фейсбук социалдык тармагы.
Фейсбук социалдык тармагы.

Бишкекте 27-январда "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы сунушталган варианты блогерлердин катышуусунда талкууланды. Интерньюс уюму уюштурган жыйында юристтер сунушталып жаткан мыйзам тууралуу маалымат беришти.

Мыйзам долбоорундагы блогерлерди же катталуучусу көп колдонуучуларды медиа катары каттоого милдеттендирүү жобосу түшүнбөстүк жаратууда.

Президенттин администрациясы "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы вариантын даярдап, атайын жумушчу топко сунуштады. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүлөрү айына 5 миң адамга таратылса, ага кошумча талаптар коюлары жазылган.

Блогерлер жана юристтер менен болгон жолугушууда адеп эле аталган мыйзамга кандай блогерлер туш болот деген суроонун алкагында талкуу башталды. Мыйзамдын жумушчу тобунун мүчөсү "Медиа полиси" институтунун юристи Нурбек Сыдыков мындай түшүндүрмө берди:

Нурбек Сыдыков.
Нурбек Сыдыков.

"Мыйзамда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүлөрү айына 5 миң адамга таратылса деп жазылып турат. Бирок, бул цифра эмненин негизинде алынганы, бул туруктуу аудиториянын саны же контенттин көрүлүшүбү, так аныктама жок. Жумушчу топ кандай анализдин жыйынтыгы менен мындай талап жаралды деп суроо салып, ал документти талап кылганбыз. Бирок, жооп ала элекпиз".

Мыйзам долбоорунда "интернет-басылма" деген түшүнүк камтылган. Ал портал, форум же блог, ошондой эле жеке адамдардын социалдык тармактардагы жаңылыктарды, аналитикалык, оюн-зоок жана башка материалдарды камтыган, Кыргызстандан чыгарган билдирүүлөрү айына 5 миң адамга тараган баракчаларга тиешелүү.

Сунушталып жаткан мыйзамда жазылгандай, блогерлер боюнча жооптуу мамлекеттик орган тандалат жана реестр түзүлүп, аларды каттайт. Интернет провайдерлер аркылуу блогерлердин иденттүүлүгүн тастыктаган маалыматтар алынат. Андан кийин интернет басылмага анын реестрге катталганы жана ага колдонулуучу мыйзамдык талаптарды эскерткен билдирүү жөнөтөт. Блогер баракчасына өзүнүн сүрөтүн, аты-жөнүн жазып, телефон номуру жана электрондук дарегин көрсөтүшү керек. Ошентип блогерлерге жалпыга маалымдоо каражаттарындай эле талаптар коюлмакчы.

"Медиа полиси" институтунун дагы бир юристи Алтынай Исаеванын айтымында, мыйзам долбоору блогерлерге көзөмөлдү күчөтөт. Бул ар бир сөз үчүн бийликтен уруксат сурай турган жагдайга алып барат дейт ал:

Алтынай Исаева
Алтынай Исаева

"Бизде мыйзамдын демилгечилерине суроолор көп. Мыйзам блогерлерге журналисттер же ЖМКга койгондой эле талаптарды коюп жатат. Бирок блогерлер менен журналисттердин айырмасы чоң. Ошол эле кезде мыйзамда түшүнбөстүк жарткан учурлар көп. Мисалы, кайсы блогерлер каттоодон өтөт ? Же болбосо, мыйзамдын беренелерин бузган блогерлерге кандай жоопкерчилик каралган? Кыскасы, бул блогерлер эле эмес баардык колдоонучуларды чектеген мыйзам болуп жатат. Демек, ар бир сөз үчүн уруксат алыш керек дегенди түшүндүрүп жатат".

Блогерге төмөнкүдөй талаптар коюлган:

  • Жеке баракчага мамлекеттик же мыйзам менен корголгон сыр маалыматтарды, террористтик аракеттерге ачык чакырыктарды камтыган же аны ачык актаган, башка экстремисттик материалдарды, ошондой эле порнографияны, зордук-зомбулукка үгүттөгөн жана адепсиз сөздөрдү камтыган билдирүүлөрдү чыгарууга болбойт.
  • Интернет-басылманын баракчасында жарыяланган жалпыга жеткиликтүү маалыматтын аныктыгын ал жарыяланганга чейин текшерүү жана жалган маалымат чыкса дароо өчүрүү керек.
  • Бирөөнүн жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды мыйзам бузуу менен чыгарууга болбойт. Мындайда 5 миң катталуучусу бар блогер бирөөнүн сүрөт же видеосун жарыялаганда маселе жаралышы мүмкүн.
  • Маалымат таратууга байланыштуу мыйзамдарды так сактоо. Блогерлер жалпыга маалымдоо каражаттарына коюлган талаптарды аткарышы керек.
  • Маалыматты бурмалоого же фейк маалыматтарды таратууга да тыюу салынат.
  • Жарандын жынысы, жашы, расасы, улуту же жерлиги, тили, динге болгон мамилеси, кесиби, жашаган жери жана башка өзгөчөлүгү тууралуу маалыматтар анын беделин түшүрүү максатында таратылбашы керек.

Интерньюстун блогерлер менен иштөө боюнча адиси Исмаил Карыповдун айтымында, сунушталып жаткан мыйзам тууралуу көпчүлүктүн кабары жок.

"Блогерлердин көбү бул мыйзам тууралуу кабары жок экен. Биз аларга маалымат жеткирүү үчүн ушундай жолугушууларды уюштуруп жатабыз. Азыр мыйзам талкуу учурунда аларга түшүндүрүп берүү маанилүү. Ошол эле кезде алар өз аудиториясына да жеткирет деген үмүттөбүз. "

Талкууда мыйзам долбоору бийликти сындаган блогерлерди куугунтукка алууга шарт түзөт деген пикирлер айтылды. "Баштан башта" фондунун журналисти, жарандык активист Амир Исмаилов бул долбоор сөз эркиндигин чектейт деген оюн ортого салды:

Амир Исмаилов.
Амир Исмаилов.

"Мен бүгүн аталган мыйзам журналист же блогерлер үчүн эле эмес, жалпы элдин сөз эркиндигин чектөөгө багытталганын түшүндүм. Бул мыйзам долбоору аркылуу бийлик өзүнө жакпаган же сындаган колдонуучуларды жоопкерчиликке тарта алат экен. Мен анын кабыл алынышына каршымын".

Интерньюс уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстандын 4 миллионго жакын калкы социалдык тармактарды колдонот. Алар Инстаграм, Ютуб жана Фейсбук платформаларында активдүү.

Инстаграмда эле катталуучусу миллиондон ашкан бир катар блогерлер бар. Блогерлер менен иштеген "Блогерс медиа" уюмунун башчысы Марат Батреддинов жарнама жаатында иштеген блогерлерге мыйзам долбоору түшүнүксүз болуп жатканын айтты:

"Бизде жана биз менен иштеген блогерлерде азырынча так маалымат жок. Кандай жол менен мыйзам долбоору ишке ашат жана жоопкерчилик кандай болот? Биз бардык нерселерди жарнамалай бербейбиз. Мыйзамга каршы келген учурларды эске алып, ошонун алкагында иштейбиз".

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан.

15-ноябрда сын-пикир коштолгон коомдук жыйындан кийин президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон.

Президенттин администрациясы "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы вариантын даярдап, жогорудагы жумушчу топко сунуштаганы январда белгилүү болду. Блогерлерге же катталуучусу көп колдонуучуларга жаңы талаптар долбоордун дал ушул вариантына киргизилген. Жумушчу топ ал боюнча азырынча жыйын өткөрө элек.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG