Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

Талаштуу ЖМК мыйзамы: Блогерлерге көзөмөлдү күчөтүү сунушу


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Президенттин администрациясы "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы версиясын даярдап, атайын жумушчу топко сунуштады. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүлөрү айына 5 миң адамга таратылса, ага кошумча талаптар коюлары жазылган.

Мыйзам долбоорундагы талаптар

"Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы сунушталган версиясы ачык жарыялана элек. Азырынча атайын жумушчу топтун мүчөлөрүнө гана жөнөтүлгөн.

Kaktus.media сайты жазгандай, мыйзам долбоорунда "интернет-басылма" деген түшүнүк камтылган. Ал портал, форум же блог, ошондой эле жеке адамдардын социалдык тармактардагы жаңылыктарды, аналитикалык, оюн-зоок жана башка материалдарды камтыган, Кыргызстандан чыгарган билдирүүлөрү айына 5 миң адамга тараган баракчаларга тиешелүү.

Жаңы сунушта жазылгандай, блогерлер боюнча жооптуу мамлекеттик орган тандалат жана реестр түзүлүп, аларды каттайт. Интернет провайдерлер аркылуу блогерлердин иденттүүлүгүн тастыктаган маалыматтар алынат. Андан кийин интернет басылмага анын реестрге катталганы жана ага колдонулуучу мыйзамдык талаптарды эскерткен билдирүү жөнөтөт.

Блогерге төмөнкүдөй укук берилет:

  • жалпы маалыматты эркин издөө, алуу, жөнөтүү жана жайылтуу;
  • өзүнүн аты же каймана аты жазылган баракчасы аркылуу пикирин айтып, баа берүү;
  • башка колдонуучулардын материалдарын (эгерде мыйзамга каршы келбесе) өз баракчасына чыгаруу;
  • жарнама жарыялоо.

Коюла турган талаптар:

  • Жеке баракчага мамлекеттик же мыйзам менен корголгон сыр маалыматтарды, террористтик аракеттерге ачык чакырыктарды камтыган же аны ачык актаган, башка экстремисттик материалдарды, ошондой эле порнографияны, зордук-зомбулукка үгүттөгөн жана адепсиз сөздөрдү камтыган билдирүүлөрдү чыгарууга болбойт.
  • Интернет-басылманын баракчасында жарыяланган жалпыга жеткиликтүү маалыматтын аныктыгын ал жарыяланганга чейин текшерүү жана жалган маалымат чыкса дароо өчүрүү керек.
  • Бирөөнүн жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды мыйзам бузуу менен чыгарууга болбойт. Мындайда 5 миң катталуучусу бар блогер бирөөнүн сүрөт же видеосун жарыялаганда маселе жаралышы мүмкүн.
  • Маалымат таратууга байланыштуу мыйзамдарды так сактоо. Мындайда блогерлер жалпыга маалымдоо каражаттарына коюлган талаптарды аткарышы керек болуп калат.
  • Маалыматты бурмалоого же фейк маалыматтарды таратууга да тыюу салынат.
  • Жарандын жынысы, жашы, расасы, улуту же жерлиги, тили, динге болгон мамилеси, кесиби, жашаган жери жана башка өзгөчөлүгү тууралуу маалыматтар анын беделин түшүрүү максатында таратылбашы керек.

Андан тышкары катталуучусу 5 миңден ашкан блогер баракчасына өзүнүн сүрөтүн, аты-жөнүн жазып, телефон номуру жана электрондук дарегин көрсөтүшү керек. Ошентип блогерлерге жалпыга маалымдоо каражаттарындай эле талаптар коюлмакчы.

"Бул долбоор сөз эркиндигин чектейт"

Мыйзам долбоорунун жаңы сунушталган версиясы атайын жумушчу топко эми гана келип түштү. Андагы жаңы сунуштар али талкуулана элек. Жумушчу топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков бул сунушту сөз эркиндигине чоң сокку деп эсептейт:

"Социалдык тармактардын ээлери дагы колдонуучуларына жеке маалыматтарын бербей коюу укугун берген. Жеке маалыматтар бизде мыйзам менен сакталуу. Бул талаптан эч кандай пайда көрбөйбүз. Тескерисинче, сөз эркиндигине чоң коркунуч жарала тургандай болуп жатат".

Аманбеков азыркы мыйзамдык ченемдер блогерлердин жоопкерчилигин талап кылууга, көзөмөлдөөгө жетиштүү экенин белгиледи. Андан тышкары жумушчу топтун буга чейин берген көп сунуштары жаңы долбоорго кирбей калганын кошумчалады.

Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун алгач былтыр 28-сентябрда коомдук талкууга чыгарган. Буга 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы, өзгөртүүгө муктаж экени жүйө келтирилген.

“Адилет” укуктук клиникасы, “Медиа Полиси” институту жана башка бир катар уюмдар медиа-эксперттер долбоордо эл аралык нормалар бузулганын, сөз эркиндигине коркунуч тууларын эскертишкен.

Медиа тармагындагы адис Илим Карыпбеков бул мыйзам долбоорунун башкы максаты бийликке «ыңгайсыз» баракчаларды көзөмөлдөп, чектөө аракети» экенин, жалпыга маалымдоо каражаттарын, сөз эркиндигин коргоого багытталган сунуш жоктугун белгиледи:

"Социалдык тармактардагы жарандардын ыңгайсыз болгондорунун аккаунттарын жабууга багытталган мыйзам долбоору экен. Мен башка эч нерсе көрө алган жокмун. Жалпыга маалымдоо каражаттарына олуттуу кепилдик же алардын өнүгүшүнө шарттарды түзүп берүү боюнча эч кандай сунуш жок".

Инстаграмда миллиондон ашык катталуучусу бар блогер Назира Айтбекова муну бийликтин ишин сындагандарды көзөмөлдөө аракети деп баалады:

"Көмүскөдөгү маселелерди ачыкка алып чыгып, элдин көзүнө көргөзүп жаткан карапайым жарандар ЖМК болуп тизмеге кирип калабы? Биз качан гана ачык айтып, кемчиликтерди көтөрүп, талкуулаганда өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулабыз".

Блогерлердин жоопкерчилиги

Кыргызстанда буга чейин социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, камакка алынган окуялар болгон. Адатта аларга "башаламандык уюштурууга чакырык жасоо" боюнча айып тагылат.

Былтыр июнь айында УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берген. Ага чейин бийликти сындаган постторду Фейсбуктагы баракчасына жазып келген блогер Бакмурат Токтогулов атайын кызматта сурак берип, эскертүү алган.

Бийликке сын айткан саясатчы, жарандык активисттердин билдирүүлөрүн социалдык баракчаларына жайгаштырып, ар кандай саясий окуяларды түз эфирде чагылдырып жүргөн 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Ага УКМК “массалык башаламандык” беренеси менен айып тагып, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону интернетке жарыялаган деп айыптаган. Ал эки айдан кийин үй камагына чыгарылган.

Ютубда 49 миңден ашуун катталуучусу бар, Баткен облусунда жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып, ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап келген блогер Батмакан Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалып, 18-августта үй камагына чыкты. Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган.

Бир топ жыл эркин гезиттерде уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция боюнча макалаларды жазып жүргөн Семетей Талас уулу былтыр ноябрда 2021-жылы Фейсбук баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды бөлүшкөнү үчүн “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен шек саналып, 48 саатка камалып чыкты. 3-ноябрда сот аны тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарган.

Жумушчу топтун мүчөсү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева буларды билдирди:

“Беш миң катталуучу азбы же көппү деген маселе турат. Мисалы, Орусияда Максим Галкиндин 2 миллион катталуучусу болсо, ага ЖМКдай эле жоопкерчилик жүктөлүп, туура эмес маалымат таратууга жана ар кандай мыйзамсыз чакырыктарды жасаганга болбойт, укугу жок. Ошого биз блогер дегенди ар тараптуу карап, анан чечим кабыл алышыбыз керек».

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоору катуу сынга кабылганда президенттик администрация аны медиа тармактын 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ менен кайра иштеп чыгып, документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG