Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Ош–Ноокат–Раззаков жолун оңдоо иши жазында башталат


Ноокат.
Ноокат.

Ош–Ноокат–Раззаков жолун оңдоп-түзөө иштери жаз айларында башталат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка караганда, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жана жол тармагындагы тиешелүү адистер 28-январда Ош-Ноокат-Раззаков жолунун абалы менен таанышты.

Жолдун Ноокат районундагы кооптуу участкаларын реконструкциялоо иштери жаз айларында башталары, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатканы айтылды.

Жолдун 47-чакырымын оңдоо иштери былтыр жаз айларында башталганы менен аягына чыкпай турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG