Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Жапония Орусияга салынган санкцияларды кеңейтти


Иллюстрация
Иллюстрация

3-февралдан тарта Жапония Орусияга вакциналарды, медициналык жабдууларды жана роботторду экспорттоого тыюу салат. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика, соода жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Ошондой эле Жапония Орусияга атомдук объектилерди, мунай жана жаратылыш газын чалгындоо үчүн жабдууларды сатууну да токтотот. Тыюу салынган тизмеге жардыргычтар, портативдик генераторлор жана лазердик ширетүүчү аппараттар да киргизилди. Экспорттук чектөө 49 орус уюмуна тиешелүү болот.

Жапония ошондой эле санкцияга кирген жеке жарандардын тизмесин да кеңейтти. Токио Орусиянын 22 жаранынын жана 3 уюмунун активдерин токтотот. "Кара тизмеге" юстиция министри Константин Чуйченко, вице-премьер Андрей Белоусов, БШКнын башчысы Элла Памфилова, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белова, философ жана саясат таануучу Александр Дугин киргизилди.

Токионун санкциясына орусиялык "Иркут", "Авангард" машина куруу заводу, "КАМАЗ" ачык акционердик коому илинди.

2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Жапония Орусиянын президенти Владимир Путинге, жогорку кызматтагы аткаминерлерге жана алардын туугандарына, банктарга жана ишканаларга санкция салган. Ошол эле маалда Жапония Орусияны "соодада жагымдуу өлкө" макамынан ажыратып, Украинага аскердик жана гуманитардык жардам көрсөтө турганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG