Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Кыргызстан чет өлкөлөргө соода өкүлчүлүк ачууну караштырат


ТИМдин жыйыны. 28-январь, 2023-жыл
ТИМдин жыйыны. 28-январь, 2023-жыл

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-январда Тышкы иштер министрлигинин жыйынында билдирди. Ал өлкөнүн экономикалык дипломатия маселелерин алдыга жылдыруудагы министрликтин маанисине жана ролуна токтолуп, алдыда Кытайга экспорттун көлөмүн көбөйтүү тапшырмасы турганын белгиледи. Ошондой эле Кытай, Түркия жана Өзбекстанга соода өкүлчүлүктөрдү ачуунун маанисин белгиледи.

“Биз бөтөлкөдөгү суу чыгарган ири эл аралык компаниялардын франшизасын сатып алууга даярбыз жана алар менен биргелешкен ишкана түзүү, жергиликтүү ишкерлерди окутуу жана чет элдик компаниялардын жардамы менен эл аралык рынокко чыгууга жол ачылат”, - деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын тогуз айында Кыргызстанга 958,3 млн. доллар инвестиция кирсе, өлкөдөн 563,5 млн. доллар капитал чыгып кеткен.

Кирген инвестиция мурдагы жылга караганда 90,3% өскөн, өлкөдөн чыккан каражат 1,5% азайган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG