Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Ирандын стратегиялык объектилеринде жарылуу болгону кабарланды


Исфахан.
Исфахан.

Жекшембиге караган түнү Ирандын аскердик обьектилеринде бир нече жарылуу болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жана Би-Би-Синин орус кызматы жазды. Маалыматтарга караганда, жарылуу болгон Исфахан провинциясындагы ок-дары сактаган кампа Ирандын Коргоо министрлигине таандык.

ИРНА агенттиги өлкөнүн чыгышында май чыгарган завод өрттөнгөнүн жазды. Tasnim басылмасынын жазганына караганда, Исфахандагы ок-дары чыгарган аскердик заводго дрондор менен чабуул часалган.

Ирандын батышындагы Дизфуль шаарындагы авиабазада дагы жарылуу болуп, өлкөнүн батышындагы Хамадан шаарында жана түндүгүндөгү Решт шаарында да жарылуудан кийин өрт чыкканы кабарланды.

Тегеранда да жардыруунун добушу угулду. Жергиликтүү тургундар өкмөттүк имараттарга кол салуу болгонун айтышты. Күбөлөр шаар үстүндө учактарды байкашкан.

Азырынча каза болгондор менен жараат алгандар тууралуу маалымат айтыла элек.

Ирандын Коргоо министрлиги Исфаханда ок-дары заводуна дрон менен чабуул жасалганын ырастады.

“28-январда саат 23:30дар чамасында Коргоо министрлигинин борборлорунун бирине пилотсуз учак менен чабуул жасалган. Алар максатына жеткен жок. Бирөөнү зениттик система, экөөну коргонуу системасы атып түшүдү”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Иран бийлиги дрондор кайсы өлкөгө тиешелүү экенин айткан жок. Июль айында Иран "Исфахандагы аскердик комплексти жардырууну пландаган" деген шек менен бир топ адамды кармаганын жарыялаган. Алар Израилдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган деп айыпталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG