Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Иерусалимде ыктыярчы ата-бала октон жараат алды


Иерусалимдин окуя болгон району, 28-январь, 2023-жыл.
Иерусалимдин окуя болгон району, 28-январь, 2023-жыл.

28-январь, ишемби күнү Иерусалимде эки киши октон жараат алды. Алар 23 жана 59 жаштагы ата-бала экенин, экөө тең тез жардам кызматында ыктыярчы болуп иштегенин "Радио Свобода" жазды. Маалыматка карганда, октон жараат алган 23 жаштагы жарандын абалы оор.

Соңку маалыматтарга ылайык, окту эски тапанчадан Чыгыш Иерусалимдин 13 жаштагы тургуну чыгарган. Аны көчөдө өтүп бараткандар токтотуп калышкан. Полиция Ир-Давид районунда болгон окуяны теракт деп атады.

Бул Храм тоосунун түштүк тарабында жайгашкан Иерусалимдеги эң эски район. Кол салган адам жөөттөрдүн "Адерет" үйүнүн кире беришине жакын жерде ок аткан. Ал Эски шаардын таштанды дарбазасына жана Ыйлоо дубалынын кире беришине жакын жайгашкан.

"Радио Свобода" социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо атышуу үчүн жана кыйкырган үндөр угулуп жатканын жазды.

Бул Иерусалимде акыркы бир сутка ичинде экинчи кол салуу болуп калды. Жума күнү 21 жаштагы тургун синагоганын жанында ок чыгарып, үч киши каза болуп, үчөө жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG