Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

ТИМ жарандарды тыюу салынган диний китептерди Казакстанга алып кирбөөгө чакырды


Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекети.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга барууну же транзит менен өтүүнү пландаган кыргыз жарандарын коңшу өлкөдө экстремисттик деп таанылган жана өлкө аймагына алып кирүүгө, жайылтууга тыюу салынган диний адабияттардын тизмесин окуп чыгууга чакырды.

Мекеме мындай материалдарды сактагандар жана пайдалангандар Казакстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөдөн чыгарылып, 350-400 миң теңге айыпка жыгыларын эскертти.

Расмий маалымат боюнча, Казакстанда 30 миңдей кыргызстандык мигрант бар.

27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Казак өкмөтүнүн тиешелүү токтому 16-январдан тарта күчүнө кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG