Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

"Ош базарда сатылат": Кырылган кызыл колтук бака


Бишкектеги Ош базарынын чок ортосунда кургатылып, тутамдап сатылып жаткан уникалдуу кызыл колтук баканын "Кызыл китепке" киргенин албетте, көптөр билбейт. Тукум курут болуу коркунучундагы кызыл колтук баканы сактоо эмне үчүн маанилүү?

"Кызыл бака 250 сомдон..."

Ош базарында дарылыкка делген чөптөр, жан-жаныбардын майы, кээ бир органдары, кургатылган сойлоп жүрүүчүлөр жана биз сөз кылып жаткан кызыл колтук бака дал ушул жерде сатылат. Мында баканын бир нече түрүн табууга болот. Демейде аны ондон, жыйырмадан кылып тутамдап сатышат.

Кутуда камалып отура берип өлүп калган курбакалар.
Кутуда камалып отура берип өлүп калган курбакалар.

Базарда тирүү бакалар да сатылат. Арасында кагаз кутуда жатып катып өлүп калгандары да бар.

"Кызыл бака 250 сомдон. Тор менен тутуп эле сушилкага салып коюшат. Анан ушинтип кургап калышат. Мен жүз даана саттым",-деди сатуучу.

Биз базардан тирүү баканы таба албай койдук. Сатуучулар азыр бака сезону эмес деп түшүндүрүштү.

"Тирүүсү бир сезондо эле келет. Бирок үйдө тирүү кашка бака бар. Кызыл колтук баканын тирүүсү жок",-деди сатуучулардын бири.

"Кыргыз элинде бака,жылан, кескелдирик, кашкулактын майы, суурдун майы, аюунун майы колдонулган илгери. "Манас" эпосунда да жазылган. Негизи бака менен жылан сөөк ооруларына каршы колдонушкан. Жылан ысык, бака суук болот. Баканы жараларга тарткан. Ашказандын жарасына, ичеги жарага. Муну тирүү болсо кайнатып, андан башка кургатып, талкан кылып колдонгон",-деп түшүндүрдү “Аманат өмүр” коомдук фондунун жетекчиси Жанар Алгожоева.

Баканын дарылык касиети жок

Жанар Алгожоева элдик медицинаны же табыпчылыктын сырын билет. Ал коомдук уюм түзүп, дары чөптөр менен алектенип келет. Мындан бир нече ай мурда бир таанышы ага дарылыкка керекпи деп кызыл колтук баканы алып келип берген. Ал активисттерге кабар берип, анан ал маалымат бизге жеткен. Жанар айым баканы дарылык максатта өстүрүп, курум курут кылбай сактап калса болот деген пикирде.

"Бул баканы өстүрсө болот. Көлчүк жана дадалдуу жер болуш керек. Таза суу же булакта жашайт. Икрасын чача электе кармап алып жатышпайбы. Ошону көзөмөлдөш керек. Кыргыздандын эки үч жеринде бар. Ысык-Көл, Кочкор жана Жумгалда да бар. Табыптар элдик медицинада баканы кургатылган чөп, жан-жаныбардын майы менен аралаштырып даярдап сунуштап келет."

Тирүүбү же кургатылганбы бака - дары-дармек болуп саналбайт. Анын фармакологиялык касиети илимий-лабораториялык жактан далилденген эмес.

Сокулуктагы Жанар Алгожоеванын үйүндөгү баканы биз Кочкордогу кичи корукка коё бергени алып бардык.

Кочкордогу уникалдуу бадал токойлору кызыл колтук бака үчүн эң жагымдуу ареал саналат.
Кочкордогу уникалдуу бадал токойлору кызыл колтук бака үчүн эң жагымдуу ареал саналат.

Кочкордо кызыл колтук баканы коргоого алган жалгыз активист бар - Алмазбек Раев. Ал бизге эмне үчүн баканы коргоо маанилүү экенин айтып берди.

"Биринчи кезекте бул бака “Кызыл китепке” кирген. Мурда 90-жылдары Кочкордун бардык жеринен бул баканы көрүүгө болот эле. Азыр болсо жокко эсе болуп калды. Былтыр Домашов деген эколог менен токойду баштан аяк кыдырып изидөө жүргүзүп, бир эле участоктон таптык. Анан биз турган жерди кичи корук түзүп бака коюп жибергенбиз. Негизги бөлүгүн элге айтпай жатабыз аяктан да терип кетпесин деп. Азыр бакалар чээнде болгон үчүн мен азыр үйгө кармайм. Жазында туугандарына коео берем".

Мындан 5-6 жыл мурда экология менен иши жок Алмазбек Раев учурда табиятты коргоодо талыкпаган активист. Ал уюм түзүп, элет элине бир топ окууларды өткөргөн. Кызыл колтук баканын мекени саналаган Кочкор районунда эмне үчүн бул уникалдуу жерде-сууда жашоочу жок болуп кеткенин Алмазбек мырза изилдеп да көргөн экен.

"1996-жылы Кочкордо жол куруу ишканасында кытайлар иштеген. Алар ошол кезде ар бир баканы 5 сомдон сатып ала баштаган. Ал кезде жумушсуздуктан элдин баары токойлорго кирип баканы кармап өткөргөн. Ошондо кыйла азайып кеткен. Экинчи дагы бир таасири - Калифорния норкасы себеп болгон. Ишкерлер алып келип багышып, беш алтоосун качырып ийишкен. Алар жерде жакшы жашап кетип көбөйүп кеткен. Алар баканы да балыкты да жейт экен. Үчүнчү себеби, климаттын өзгөрүүсү. Улам күн жылып, башка жандыктар кызыл колтук баканы сүрүп чыгып салууда".

Жайык саздарда өскөн бадал токойлорунун аянты Кочкор районунда жылдан жылга азайып келет. Мындан улам Алмаз Раев жергиликтүү жамаат менен бирге “Глобалдык экологиялык эл аралык фонддун” көмөгү менен жасалма токойлорду кеңейтүүгө киришкен. Айыл четине миңге жакын каргат, кожогат жана тикенеги жок чычырканак көчөттөрүн отургузуп, корушкан. Мындан сырткары өспүрүмдөргө агартуу иштерин жүргүзөт.

"2020-жылы Бадал токойлорун сактап калуу жана кызыл колтук баканы сактап калуу боюнча долбоорду ишке ашырдык. Анын алкагында мектепте ачык сабктарды өткөнбүз. Ошондо бир окуучу үйүндө туган баканы алып келиптир. Балада үйдө турган баканы алып баса берген. Көрсө, Кочкордун эле базарына 150 сомдон сатып алышкан экен. Мындан улам экотехинспекция менен иштешип жатабыз. Башында аларга кызыл колтук баканы кармаса айып пул бар десем “билбейбиз ” дешти да. Бийлик да бул нерсеге көнул буруп ишти күчөтсө жакшы болмок".

"Кармоого, сатууга тыюу салынган"

"Кызыл китепке" кирген, сейрек кездешкен жан-жаныбарларды коргоого көзөмөл кылган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биоресурстарды көзөмөлдөө башкармалыгынын инспектору Азамат Бокешов соода жайларды текшерүү жана элге түшүндүрүү иштери үзгүлтүктсүз жүргүзүлгөнү менен жашыруун соода тыйылбай жатканын мойнуна алды.

"Бул баканы кармоого, сатууга биздин республикада тыюу салынган. Рейддик иш чаралар, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Ош базарда сатылып жатканы боюнча былтыркы жылы катталган эле. Биздин кызматкерлер жеринде көрүшүп, мыйзам чегинде чара көрүлгөн. Бул баканы азыр мыйзамсыз кармап, сатуу боюнча 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып пул каралган".

  • Кызыл колтук бака, башкача айтканда Борбор Азия бакасы. Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Башка бакаларга салыштырмалуу денеси кичирээк келип, чоңдору 8 сантиметрге жетет. 2019-жылдын 6-сентябрында Кыргызстандын маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети “Кыргызстандын кызыл китеби. Рептилиялар жана амфибиялар” деген теманын астында почта маркаларын чыгарган. Анда Кызыл колтук бакага да өзүнчө марка арналган.

"Климаттын өзгөрүүсүнүн таасири"

Кыргызстанда кызыл колтук баканын жоголуп бараткан себептерин изилдөө жүргөн эмес. Жеке активисттердин, экологдордун байкоосун эске албаганда, расмий мекемелер менен атайын адистердин ага чама-чаркы жете элек.

"Бул Кызыл колтук бака олуттуу басымдын астында турат. Себеби анын жоголуп баратышы бир эле адамдардын таасиринен улам эмес, климаттын өзгөрүүсүнө да байланыштуу. Ошондой эле ал жашаган аймактардагы башка жаныбарлардын түрүнүн өсүшүн да эсепке алуу керек. Өткөн кылымдын 20-30-жылдары баканын бул түрүн Кыргызстандын жарымынан, анын ичинде Бишкек шаарынан да кездештирүүгө болот эле. Тилекке каршы, учурда саны өтө азайып кеткен. Бул маселенин маанилүүлүгү – ар бир жаныбар түпкүлүгүнөн жашаган жериндеги эко-системасына тыгыз жуурулушкан. Эгер бул системада бир түрдүн азайып кетиши демек, айлана-чөйрөнүн, климаттын өзгөрүүсүнөн кабар берет. Айтсак, кызыл колтук бака Ысык-Көлдүн, Нарындын деңиз деңгээлинен кыйла бийик аймактарында жашап келген болсо, климаттын ысышы менен ал алкактарга көл бакалардын агылуусу арткан. Алар кызыл колтук баканын жемин тартып алып, сүрүп чыгып жатышат. Ошондой эле амфибиялар арасында вирустардын пайда болушу да бакалардын азайып кетүүсүнүн бир себеби болууда",-деди эколог Илья Домашов.

Тукум курут болуп бараткан кызыл колтук бакалар Ысык-Көл облусунун тескейинде, Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорундагы таза сууларда, дарыялардын жай аккан жээктеринде көп кездешет. Мурда Чүйдө көп жүрсө, азыр дээрлик жокко эсе. Бака эң көп байырлаган Кочкор районунун аймагында бир гектар жерге орточо эсеп менен алганда, 25тей кызыл колтук бака туура келет.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG