Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Депутаттык комиссия Кумтөрдөгү абал менен таанышты


Өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана депутаттар Кумтөрдө.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана депутаттар Кумтөрдө.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казылып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Кумтөр кенине барып келгенин 30-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту. Эл өкүлдөрүнө жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды уурдап же уруксатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди. «Алтындын ар бир граммы көзөмөлдө» деп белгиледи ишкананын жетекчилиги", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөт билдиргендей, 2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүрдү. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлууда.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Депутаттык комиссия былтыр 29-сентябрда түзүлгөн. Бирок бир да жолу отурумга чогула албай, кийин курамы кыскартылган. Андан кийин да алардын чогулушу маселе жаратып жаткан.

Комиссиянын иш мөөнөтү 28-мартка чейин узартылып, депутат Арсланбек Малиев ага төрага болуп шайланганы өткөн аптада маалым болгон.

Депутаттык комиссиядан тышкары бир катар оппозиционер саясатчылар кирген коомдук комиссия да түзүлгөн жана аны саясатчы Азимбек Бекназаров жетектеген. Бекназаров жана башка бир катар мүчөлөр кийин Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын былтыр 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай койсо болорун айткан.

Кыргызстандын Улуттук банкында азыркы кезде сакталып турган алтындын көлөмү 40 тонна экенин 29-декабрда Жогорку Кеңеште банк ишмердүүлүгү боюнча маселе талкууланып жатканда мекеменин төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирген.

“Запаста 40 тоннанын тегерегинде алтын бар. Азыр депутаттык комиссияны күтүп жатабыз. Биздеги алтын баары эсепте”, - деп айткан ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-декабрда жылдын жыйынтыгы менен өкмөт Кумтөрдөн 17,2 тонна алтын алууну көздөп жатканын билдирген. “Тилекке каршы, парламентте түзүлгөн комиссия бүгүнкүгө чейин барып көрө элек. Биз дагы эле бул комиссияны күтөбүз”, - деген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG