Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Харьков бийлиги калаадагы турак жайга ракета тийгенин билдирди


Харьков. 2022-жылдын декабрында тартылган сүрөт.
Харьков. 2022-жылдын декабрында тартылган сүрөт.

Украинанын Харьков шаарынын бийлиги жекшемби күнү кечинде калааны орус күчтөрү бутага алганын билдирди. Ракеталардын бири Харьковдун борборундагы турак жайга тийгенин облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов маалымдады.

Шаардын мэри Игорь Терехов бир адам каза болуп, үчөө жабыркаганын айтты.

Киев Харьковго С-300 зениттик ракетасы атылганын ырастады.

Жекшембиде Херсон, Угледар шаарлары кайрадан чабуулга кабылды. Расмий маалыматта Херсондогу ооруканага сокку урулганы, калаада үч адам набыт болгону айтылат.

Москва болсо украин армиясы Орусия басып алган аймактагы оорукананы бутага алып, андан 14 киши көз жумганын, ондогон адам жарадар болгонун жарыялады.

Украин бийлиги Донецк облусундагы кырдаалды “өтө оор” деп мүнөздөп, Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак берүүнү тездетүүнү суранууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG