Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Пакистандагы жарылууда бери дегенде 28 кишинин өмүрү кыйылды


Жардырууда мечиттин бир бөлүгү урап түштү.
Жардырууда мечиттин бир бөлүгү урап түштү.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте уюштурулган жардырууда бери дегенде 28 киши өлүп, 150 адам жараат алды.

Полиция жардыруу 260тай адам намазга чогулган учурда болгонун маалымдады. Имараттын бир бөлүгү урап, астында бир нече адам калган.

Жардырууга азырынча эч ким жоопкерчилик алган жок жана окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат чыга элек.

Өлкөдө бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, акыркы кездери бул топ түрдүү чабуулдарды уюштуруп келатат.

Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы туруу, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келет.

Мечиттеги жардырууга “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын тиешеси бар-жогу маалым эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG