Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Быйыл Улуу Британияга Кыргызстандан эки миң жумушчу жөнөтүлөт


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев британиялык өкүлдөр менен сүйлөшүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев британиялык өкүлдөр менен сүйлөшүүдө.

Улуу Британияга Кыргызстандан өкмөт аркылуу быйыл да жумушчулар жөнөтүлөт. Бүгүн 30-январда Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Улуу Британиянын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон келишимге ылайык, быйылкы жыл ичинде 2 миң кыргыз жараны бул өлкөгө барып, айыл чарбасында иштеп келе алат.

Ар бир жумушчу менен келишим алты айга чейинки мөөнөткө түзүлөт, маянасы саатына 10 фунт стерлинг болот.

Каалоочуларды тандоо иштери Бишкекте жана Ошто жүрүп жатат.

2022-жылы кыргыз өкмөтү Улуу Британиянын “Агро HR” компаниясы менен келишим түзүп, 1,5 миң жаранын жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө мындай келишимдер расмий түрдө Корея Республикасы жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен түзүлүп жатканы маалымдалды.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG