Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Мигрантты камтама кылган талап: Казакстанда эреже катаалдашты


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Архив сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Архив сүрөт.

Казакстанда 27-январдан тартып миграциялык талап жана эреже катаалдады. Ага ылайык, Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Буга чейин алар Казакстанда чек арадан чыгып-кирип, чектөөсүз жүрө алчу.

Расмий Астана жаңы эрежени мыйзамсыз миграцияга каршы чара катары түшүндүрүп жатат. Бул жагдай коңшу өлкөгө такай каттап оокат кылган кыргыз жарандарынын кооптонуусун күчөттү.

Кыргызстандын ондогон жараны, айрыкча чек арага жакын жашагандар Казакстанга күн сайын, жума сайын, же ай сайын каттап оокат кылат. Алардын бири Динара Мурзакулова жаңы миграциялык талап бир топ адамды түйшөлтүп жатканын айтып берди.

"Мен бир аптада бир жолу кирип чыгам. Кечээ күнү барсам бир айга 18 миң теңгеге каттоого туруп алууга мүмкүн деген сөздөрдү айтышты. Мага окшогондор бир жылда 90 күн гана болушу керек, андан ашык болсо болбойт экен. Үч ай Казакстанда болгондон кийин үч ай Кыргызстанда болушуң зарыл. Баарында эле кооптонуу болуп жатат. Ал жакта иштегендер бар, алар үч ай иштеп келгенден кийин соода орундарын таштап, Кыргызстанда үч ай жүрө албайт да. Ал жакта алар ижара акысын төлөйт".

Миграциялык жаңы эрежеге ылайык, 27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Мурда Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип койгондон кийин каалашынча жүрө берчү. Ошондой эле 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу болчу. Эми Казакстанда узак мөөнөткө калгысы келген чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү. Виза болсо чет элдик паспорту барларга гана берилет.

Казакстандын Жети-Суу акимчилигиндеги Кыргыздардын улуттук маданий борборунун башчысы Алтынбек Чымынтаев бул жаңы эрежелер тууралуу мекендештерге маалымат берип жатышканын айтып берди.

"Жолугушууларды өткөрүп жатабыз, сураган суроолоруна жооп берип жатабыз, телефон кечке тынбайт. Эми жашаганга уруксат кагаз алса дагы болот, албай деле койсо болот. Эмгек келишимин түзүшү керек, конокко келсе анда ошондой максатта келгенин жаздырыш керек. Жайдак эле токуму жок аттай болуп жүрбөшү керек. Мурун 90 күн жүрүп, кайра чыгып-кирип коюп жүрө беришчү да, азыр эми андай эмес. Азыр биздин консулдук иштеп жатат. Мыйзамдарды өзгөртүү маселесин Тышкы иштер министрлиги, президенттер чечпесе биз албетте, кийлигише албайбыз. Кандай мыйзам чыкса, ошону аткарабыз да. Бул жакта жүргөн кыргыздарга кайсы документин кайсы жерде бүтүрөрүн айтып түшүндүрмө гана бере алабыз".

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 27-январда ушул маселеге байланыштуу Казакстандын Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаев менен жолуккан. Мекеменин басма сөз кызматы Имангазиев кыргызстандыктардын Казакстандын аймагында жүрүүсүн тескеген жаңы эрежеге тынчсыздануусун билдиргенин маалымдаган.

"Кыргыз тарап айрыкча күн сайын чек арадан өткөн жүк ташуучулар, такси айдоочулар жана курулуш, тамак-аш тармагында иштегендерге тоскоолдук жараларын белгилеген. Казак дипломаты чек арадан өтүү жана чет өлкөлүктөрдүн Казакстанда жүрүү эрежелери мыйзамсыз миграцияга каршы чаралар экенин түшүндүргөн. Элчи Жошыбаев бул маселени тийиштүү органдын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууда талкуулоону сунуштады",-деп жазылган маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Букалаев 30-январда "Биринчи радиого" курган маегинде коңшу мамлекет эрежени жумшартууга байланыштуу сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады.

"Казакстанга көп жарандарыбыз кирип-чыгат. Чек арага жакын аймактар, айрыкча Талас облусунда соода-сатык кылган, азык-түлүктү Казакстанга ташыган айдоочуларыбыз бар. Ушул маселе бир аз тынчсыздандырып жатат. Бул жарандар күнүнө кирип-чыкканда 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашык жүрбөшү керек. Бирок такси айдаган жарандарбыз болсо күндө каттайт да. Анан 180 күндүн ичинде 90 күндү бат эле топтоп алышат. Казакстан менен түзмө-түз консультация жүргүзүп жатабыз. Казак тарап бул эрежени кирип-чыгып жүргөндөрдү легалдаштыруу деп айтып жатат. "Жөнгө салалы, тартипке келтирели, бул биздин ички коопсуздук маселебиз" деп айтып жатат. Биз эми башка мамлекеттин мыйзамын сыйлашыбыз керек. Ошол жерде жүргөн жарандарыбыз ал талапты так аткарышыбыз керек. Бирок ошол эле маалда биз Казакстан менен сүйлөшүп жатабыз. Элчиликке дагы так тапшырма берилген",-деген Букалаев.

Мигранттардын маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ушул айдын башында Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Бишкекке келгенде сүйлөшкөнүн билдирген. Азырынча Астана кыргыз тараптын кайрылууларына ачык жооп бере элек.

Парламенттеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Астананы кыргыз мигранттарынын экономикалык пайдасы көп экенине ынандыруу зарылдыгына токтолду.

"Казакстандын чет жерликтердин өлкө ичинде жүрүү мөөнөтүн өзгөрткөнүндө негиз бардыр. Кыргызстан үчүн ушундай эреженин болбогону жакшырак, пайда деле алып келбейт го. Анткени кыргыздарга "канча бут кирсе, ошончо кут кирет" деген сөз бар го. Мекендештерибиз ал жакка барып алып, ойноп-күлүп жүргөн жок да. Алар иштеп жатат, салыгын төлөп жатат, кандайдыр бир инвестиция салып жатат. Күчүн, акылын, билимин колдонуп иштеп жатпайбы. Бизден барган адамдардын агымынын азайышы алардын экономикасына деле пайда алып келбейт. Муну бара-бара өздөрү деле түшүнсө керек. Бирок казак элчисинин тиешелүү түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушалы дегени жакшы белги. Сүйлөшүшүбүз керек. Биз биринчиден коңшу өлкөбүз, экинчиден, бир тууган өлкөбүз, үчүнчүдөн, ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Биримдик деген жөнөкөй сөз эмес. Адамдардын, товарлардын, капиталдын ээн-эркин жүрүүсүнө шарт түзөлү деген негизде түптөлгөн. Ошон үчүн бул эрежени өзгөртүүгө сөзсүз аракет кылышыбыз керек. Биз дагы парламенттик дипломатия аркылуу колдон келген аракетти кылабыз. Күндө барып-келип иштеген жарандарыбыз, такcисттер үчүн мүмкүн болушунча жеңил шарттарды түзгөнгө колдон келген аракетти кылабыз. Казак бийлигине ушундай чечим кабыл алса болоруна ынандырсак болот деп ишенем".

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин соңку маалыматына ылайык, Казакстанда 30 миңге чукул кыргызстандан жаран иштеп, жашап жүрөт.

Президент Садыр Жапаров мигранттарга байланыштуу бир топ убадаларды берген жана четте кезерип иштеп жүргөн мекендештердин түйшүгүн жакшы билерин айтып, аларды чукул арада кайтарууга батыл аракеттер жасаларын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG