Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Нукуста көп кабаттуу үйдөгү жарылууда кеминде беш киши көз жумду


Кырсык болгон үй.
Кырсык болгон үй.

Нукус шаарындагы көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, бери дегенде беш киши көз жумду.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 29-январда кечке жуук төрт кабаттуу үйдөгү кырсыктан улам турак жайдын чатыры кулаган. Бир нече киши ооруканада жатат. Арасында беш жаштагы кыз да бар.

Газ түтүгү жарылган үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, азык-түлүк менен камсыздалды.

Нукус - Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономдуу республикасынын борбору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG