Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

ИИМ: Былтыр жол кырсыгынан 690 адам каза болду


Талас-Суусамыр жолундагы автокырсык. (архив)
Талас-Суусамыр жолундагы автокырсык. (архив)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун билдирди.

Маалымат боюнча, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG