Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Орусиянын Коргоо министрлиги ыктыярчыларды куралдандырууну чечти


Дагестандан мобилизациялангандар Украинага бараткан учуру.
Дагестандан мобилизациялангандар Украинага бараткан учуру.

Орусиянын Коргоо министрлиги ыктыярдуу кошуундарды курал-жарак, аскердик техника, кийим-кече, тамак-аш жана медициналык жардам менен камсыздоону көздөп жатат. Коргоо министрлигинин ушул жааттагы буйругунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, ыктыярчыларды керектүү жабдуулар менен аскер бөлүктөрү камсыздайт. Мамлекетке кандайдыр материалдык зыян келтиргендер аскер кызматкерлери катары жооп беришет.

Аларды курал-жабдык менен камсыздоо "федералдык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт" деп айтылат долбоор тууралуу түшүндүрмөдө.

Буйруктун коомдук талкуусу 11-февралга чейин уланат. Орусиянын каалаган жараны ага добуш бере алат. Азырынча бир киши каршы добуш берген.

Украинанын чалгын кызматы Орусияда 1-февралдан тарта бюджеттик ишканаларда жана мекемелерде бардык оңдоо-курулуш иштери токтотулуп, пландаштырылган каражаттар Украинага каршы агрессияны колдоого багытталарын билдирген.

2022-жылдын ноябрында ыктыярчылардын укуктары келишимдик негиздеги аскер кызматкерлерине теңештирилген. Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус армиясына 13 миң адам өз ыктыяры менен кошулганын билдирген.

XS
SM
MD
LG