Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Бакыт Төрөбаев: Быйыл 50гө жакын чакан ГЭС курушубуз керек


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 31-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүш үчүн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычына 8,6 млрд м³ суу топтоо пландалууда. Быйыл 2,2 млрд. кВт саат электр энергиясын импорттоо каралган.

Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү 162 млрд. кВт саат, бул Борбор Азиядагы энергокордун 38% түзөт. Бирок эсептөөлөр боюнча, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктүн 10% жетпегенин гана колдонот.

Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.

Президент Садыр Жапаров 21-январда май айынан тарта электр энергиясынын тарифи 77 тыйындан бир сомго көтөрүлө турганын билдирген.

Азыр калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан, мекеме-ишканалар 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин төлөйт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG