Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Былтыр аялдарга жасалган зомбулук боюнча алты миңден ашык иш козголгон


Башкы прокурор Курманкул Зулушев. 31-январь, 2023-жыл.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. 31-январь, 2023-жыл.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 6 580 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Бул тууралуу ал прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердиги боюнча 31-январда өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, бул 2021-жылга салыштырмалуу 4 290 ишке аз.

Былтыр аялдарга жасалган кылмыш иштеринин 2 709у сотко жөнөтүлүп, 1 937и өндүрүштөн кыскартылып, 1 305 иш токтотулган. Ал эми 781 иш тергелип жатат.

“Бул маселе актуалдуу болгондуктан прокуратура органдары балдарга жана аялдарга каршы жасалган кылмыш иштеринин тергөөсүнө көзөмөлдү күчөтөт деп ишенимдүү айтам”, - деди Зулушев.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG