Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Кемпир-Абад иши: абакта жаткандар көрсөтмө берүүдөн баш тартты


Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандар. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандар. 13-декабрь, 2022-жыл.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар тергөөгө көрсөтмө берүүдөн баш тартканын билдирди. Бул тууралуу ал прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердиги боюнча 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Бул иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен журналист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев “Азаттыкка” ал жактап жаткан эки адам көрсөтмө берүүдөн баш тартканын, бул алардын укугу экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, шектүүлөр суроолорго сотто гана жооп берерин билдиришкен.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo/TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG