Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Пакистанда мечиттеги жардыруунун курмандыктары 90го чукулдады


Издөө-куткаруу иштери.
Издөө-куткаруу иштери.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жанкечтинин жардыруусунан каза болгондор саны 88ге жеткени 31-январда расмий кабарланды. Мамлекеттик органдар "Машал" радиосуна билдиргендей, каза болгондордун жана жараат алган 157 адамдын көбү күч түзүмдөрүндө иштегендер.

Негизинен полиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү барган суннилердин мечитиндеги кол салуу акыркы жылдардагы Пакистандын коопсуздук күчтөрүн бутага алган эң кандуу чабуулдардын бири болуп калды.

Премьер-министр Шахбаз Шариф кол салууну айыптап, кол салган адамдын имараттын ичине кантип кирип кеткенин иликтөөнү буйруду.

Кол салуудан кийин Пешавардагы ооруканага барган өкмөт башчы улуттук аза күтүү күнүн жарыялап, кылмышкерлерге каршы "катуу чара көрүүгө" убада берди. Бирок бийлик жардыруунун артында кимдер турганын азырынча так айта элек.

Күбөлөрдүн айтымында, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти бомба орнотулган кемселди жардырган. Окуя 30-январда полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитке 260тан көп адам бешим намазына чогулганда болду. Эки кабаттуу имараттын бир бөлүгү урап, астында бир нече адам калган.

Бийлик менен тирешип келаткан “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын колбашчыларынын бири Сарбакаф Мохманд кол салууга жоопкерчилик аларын Твиттерге жазган.

Бирок бир нече сааттан кийин аталган кыймылдын басма сөз катчысы Мухаммад Хурасани мечиттерди жана диний жайларды бутага алуу топтун саясаты эместигин, топтун жардырууга тиешеси жоктугун айтты.

Пешавар Ооганстан менен чектешкен туруксуз Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG