Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

Талас районунда өзгөчө кырдаал режими алынды


Талас районундагы абал.
Талас районундагы абал.

Талас облусунун Талас районунда суунун деңгээли өз нугуна келгендиктен, 27-январда жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бамса сөз кызматы маалымдады.

Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээгин бойлой жайгашкан үйлөрдү, короолорду суу каптоо коркунучу жаралгандыктан аталган райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

"Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Көпүрө-Базар айылында суунун нугун 2500 метрге чейин тазалап, суу каптоо коркунучу толугу менен жоюлду",- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар режими Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарында да жарыяланган. Катуу сууктан улам шаарда таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп, 12-январда шаарды суу жана жылуулук менен менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Учурда суу менен жылуулук берүүнү калыбына келтирүү уланууда.

Кыргызстанда 11-январдан тарта катуу суук болуп, ал эки аптага созулду. Бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG