Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Зулушев: Орусиянын түзөтүү жайларында миңден ашык кыргызстандык камакта


Орусиядагы миграциялык борбор.
Орусиядагы миграциялык борбор.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын түзөтүү жайларында миңден ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатканын айтты.

Ал 2022-жылы алтымыштай кишини Орусия менен Казакстандын түзөтүү жайларынан жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөө үчүн которуп келишкенин белгиледи.

"Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Орусиянын 79 субъектинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1077 жараны жазасын өтөп жатат. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду мындан ары жазасын өтөө үчүн Кыргызстанга алып келүү маселелери талкууланууда. Былтыр 60тай киши Казакстан менен Орусиянын түзөтүү жайларынан өлкөгө алып келинди", - деди Зулушев.

Орусиядагы мигранттар арасында кылмыштуулук күчөп жатканы 2022-жылы жай айларында Жогорку Кеңеште да талкууланган. Айрыкча маңзат ташууга айыпталып кармалгандар көбөйүп жатканы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 5-сентябрдагы жыйынында белгиленген.

22-январда Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза болгон 30 жаштагы Аян орус жарандыгын алган эмес. Ушул тапта Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка жапырт тартып жатканы кабарланууда. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда Орусияда 2 миңдей кыргыз жараны камакта отурат, алардын 30% аялдар. Ага ылайык 1001 кыргызстандык жаран Орусиянын тергөө абактарында, дагы 1078и түрмөдө.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматында 1 млн. 200 миңге жакын Кыргызстандын жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Алардын миллиондон ашыгы Орусияда иштейт. (BCh)

XS
SM
MD
LG