Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Курманкул Зулушев: “Азаттык” боюнча арыз жазылса, прокуратура текшерет


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Азаттык” радиосунун айланасындагы иштер боюнча суроого жооп берди.

Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү боюнча прокуратура сотто кайсы бир тарап катары катышпагандыктан комментарий бере албай турганын айтты.

Эгерде мыйзамсыз иштер болуп жатканы тууралуу кайрылуу болсо прокуратура текшерерин билдирди.

Былтыр 26-октябрда министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

“Азаттык” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана министрликтин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча сот отуруму 26-январда башталып, кийинки соттук отурум 17-февралга белгиленген.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Бул арыз 9-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG