Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Бишкекте аялдар онкологиялык ооруларга каршы акысыз текшерилет


Аялдарды акысыз текшерүү жүрүп жатат.
Аялдарды акысыз текшерүү жүрүп жатат.

4-февраль – Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата Чүй облусу жана Бишкек шаарында аялдардын онкологиялык ооруларына каршы акысыз текшерүү жүрүүдө.

Бишкекте 30-январдан 3-февралга чейин №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 үй-бүлөлүк медициналык борборлордо, студенттердин шаардык бейтапканасында 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар көкүрөк жана жатын моюнчасынын рагына каршы текшериле алышат. Буга чейин Чүй облусунда да акысыз текшерүүлөр болгон. Мындай акция жыл сайын өткөрүлөт.

Кыргызстанда жылына 5,5 миң кишиде онкологиялык оору жаңы аныкталат. Отуз миңге чукул адам мындай дарт менен каттоодо турат. Оорусу жаңы аныкталгандардын жарымы бир жылга жетпей каза болот.

Аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчек рагы кеңири жайылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG