Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Башкы прокурор Тажикстанга байланыштуу кылмыш иши тууралуу маалымат берди


Баткенде талкаланган айыл.
Баткенде талкаланган айыл.

Бүгүн, 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында, өткөн жылдын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча ачылган кылмыш иштери тууралуу маалымат берди.

Башкы прокуратура Бишкек "куралдуу кол салуу" деп атаган кагылышуу боюнча былтыр 19-сентябрда кылмыш ишин ачкан.

Зулушевдин айтымында, Башкы прокуратурада атайын тергөө тобу түзүлүп, ушу тапта окуяга күбө болгон Кыргызстандын жарандары сурамжыланды. Бардык фактылар катталып, чыгымдын суммасы эсептелди.

"Тиешелүү бизге суракка алууга мүмкүн болгон жарандардын баары суралган. Бирок күнөөлүү тараптар башка өлкөнүн жараны болгондуктан, бүгүнкү күндө аларды жоопко тартуу чоң маселе жаратат", - деди Зулушев.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. 19-сентябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен кылмыш иши козголду" деп билдирген.

Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон.

Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашык жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып окко учкан делген 80ден ашуун адамдын тизмесин чыгарган. Эки тарапта тең каза тапкандар арасында балдар бар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG