Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

ДССУ COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартты


Германиядагы көчөлөрдүн бирине тартылган сүрөт.
Германиядагы көчөлөрдүн бирине тартылган сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартып, ага байланыштуу эл аралык маанидеги өзгөчө абал макамы каларын билдирди. Тиешелүү чечим ДССУ комитетинин 30-январда өткөн чукул жыйынында кабыл алынды.

Уюм үч жыл мурун, 2020-жылы 30-январда коронавирусту глобалдык коркунуч деп жарыялаган.

Комитет мүчөлөрү COVID-19га каршы күрөштөгү ийгиликтерди белгилеп, бирок пандемиянын аяктаганы жөнүндө айтуу азырынча эрте деген чечимге келишти. Буга жакында эле Кытайдагы карантиндик чектөөлөрдүн көбү алынгандан кийин коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйгөнү себеп болду.

COVID-19га чалдыккандар тууралуу алгачкы кабарлар 2019-жылы декабрда Кытайда пайда болгон. Көп өтпөй вирус тездик менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылган. Акыркы үч жылдын ичинде бул оору 670 миллион кишиге жугуп, алардын 6,8 миллиону көз жумду. Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө COVID-19га каршы 5 миллиард киши эмдөөдөн өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG