Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Орус күчтөрү Украинанын Угледар шаарына чабуулду күчөттү


Украинада ок тешкен дубалга тартылган көгүчкөндүн сүрөтү.
Украинада ок тешкен дубалга тартылган көгүчкөндүн сүрөтү.

Украина бийлиги орус күчтөрү өлкөнүн чыгышында чабуулдардын жаңы толкунун баштаганын билдирди.

31-январдын таңында украин аскерлеринин турумдарына, калктуу конуштарга үч жолу абадан, төрт жолу ракеталык сокку урулду. Бир күн мурун мамлекет башчысы Владимир Зеленский аймактагы кырдаалды "өтө оор" деп атаган.

Донецк облусундагы Угледар шаары Украинанын чыгышын көзөмөлдөөнүн акыркы очогу болуп калганы айтылууда. Британ чалгын кызматы Угледарга катуу чабуул баштаганын маалымдады.

Украин армиясы Донецк облусунун орустар көзөмөлдөгөн аймактарынын лидери Денис Пушилиндин "орус күчтөрү Угледарга жакын жерде алдыга жылды" деген сөзүн четке какты.

Украин армиясынын аймакка жооптуу өкүлү Евгений Йерин: "Биз позицияларыбызды жоготкон жокпуз", - деди.

Согуш маалында Орусиянын да, Украинанын да маалыматтарын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG