Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

Кыргызча программалык код жазуу боюнча акысыз курстар иштей баштады


Алгачкы кыргызча код жазуу курсу.
Алгачкы кыргызча код жазуу курсу.

Бишкекте kodjaz деп аталган акысыз онлайн курстар ишке киришти. Анын ачылышы 30-январда болгонун АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Бул программа IT тармагында кыргыз тилдүү код жазууга ыңгайлашкан.

Кыргыз тилдүүлөрдү компьютердик программалоого үйрөткөн бул курсту каалоочулар акысыз колдоно алышат. Сабактар интерактивдүү формада, катышуучулардын убактысына жараша болот.

Ага программалоо жаатында тажрыйбасы жок адамдар да катыша алат. Азырынча платформада Python программалоо тили бар, кийин дагы кошумча тилдер жүктөлөт.

Долбоордун автору - Мурат Жумашев. Ал АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңеши башкарган USG кичи гранттар программасынын каржылоосу менен ишке ашууда.

Азыр кыргызстандыктар код жазууну Udemy, Udacity, Coursera, EdX, Яндекс Практикум, Youtube сыяктуу ресурстардан орусча жана англисче үйрөнүп келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG