Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Министрлик: КУУнун бир да мүлкү күрөөдө эмес, Исманкуловдун клиникасы менен сотубуз уланууда


КУУнун башкы имараты. Архивдик сүрөт.
КУУнун башкы имараты. Архивдик сүрөт.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) бир да мүлкү күрөөдө эмес. Бул тууралуу 31-январда “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылы министрлик өкмөттүн атынан «Алмазбек Исманкуловдун көздүн микрохирургиясы клиникасын» сотко берип, корей тараптын насыясын жабуу талабын койгон. Бүгүнкү күндө соттук териштирүү аягына чыга элек.

КУУ имараттарынын бири Корея Республикасынан дээрлик 25 жыл мурда алынган насыя үчүн күрөөдө экени тууралуу маселени жакында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары көтөрүшкөн.

1997-жылы КУУ менен клиника ортосунда университеттин алдында “Интергоспитал” деген медициналык борбор түзүү тууралуу келишим түзүлгөн. Белгилүү көз догдур Алмазбек Исманкулов ошол кезде ректордун орун басары дагы болуп турган. 1999-жылы кореялык “Медисон Ко ЛТД” компаниясы менен баасы 8,5 миллион долларлык медициналык жабдуу насыяга алынган. Буга байланыштуу 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иш козгогон.

"Азаттык" мунун чоо-жайын иликтеп жазып чыккан. Кийинчерээк кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарып калганы белгилүү болгон.

Билим берүү жана илим министрлиги Алмазбек Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга чамалаганын билдирген.

Ал өзү депутаттардын соңку айыптоолору боюнча азырынча расмий комментарий же маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG